"Акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө аттандым. Чындык үчүн өлүмгө да даярмын" деп SUPER.KG порталына 63 жаштагы Сайтраим Абдилатов билдирди.
Анын айтымында, 21 жаштагы уулу ак жерден кылмышка шектелип, убактылуу кармоочу жайда отурат.
"Мен Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын тургуну болом. 26-августка караган түнү Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Ошол түнү менин балам досу экөө унаа менен Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Бирок Караван айылына чейин жеткен эмес, балам айдаган унаа "кан болуп калган" деп милиция кызматкерлери бизди суракка алган. Унаа айып аянтчасында калган. 10 күн мурда уулумду да кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камап коюшту. Ошондон бери тиешелүү органдардын баарына кайрылып чыктым. Жыйынтык жок. Аргасыздан чындык издеп борборго жөө аттандым. Бул иш аягына чыкмайынча үйүмө кайтып келбейм. Акыйкат үчүн өлүмгө да даярмын.
Уулум унаа менен кишини сүзүп, башка жакка алып барып таштап кеткен деп шектелип жатат. Окуянын видеосун жактоочубуз көрсөттү. Видеодон ак түстөгү Жигули үлгүсүндөгү унааны көрдүк. Милиция бөлүмүнүн башчысы да ошондой унаа айдайт. Балким, башка бирөөлөрдүн кылган ишин менин баламдын моюнуна илгиси келип жатышкандыр. Кыскасы, балама күнөө артууга катуу аракет жүрүп жатат.
Жолго 22-сентябрь күнү чыккам. Бүгүн 4-күн. Азыр Кадамжай районуна жеттим", - деди Абдилатов.