Япониялык инженер Рубиктин кубигинен робот жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, инженер кубиктин ичине кичинекей электромотор жайгаштырган. Аны менен кубик өзүн-өзү чогулта алат. Буга чейин Рубиктин кубигин адамдар чогултса, бул өзүн-өзү чогулткан эң алгачкы кубик.
Белгилей кетсек, Рубиктин кубиги оюнчугу венгриялык ойлоп табуучу жана скульптор
Эрнё Рубик тарабынан
ойлоп табылган. Буга чейин инженерлер Рубиктин кубигин 38 секундда чогулта алган робот жасашкан.