"Каракол" тоо-лыжа базасы орусиялык туристтер эң көп эс алуучу жайлардын ондугуна кирди

"Каракол" тоо-лыжа базасы КМШ өлкөлөрүндөгү популярдуу эс алуучу жайлардын ондугуна кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар орусиянын туристтик агенттигинин маалыматына таянып жазып чыккан. Анда туристтик агенттик эс алуучулардын басымдуу бөлүгү 2018-2019-жылы "Каракол" тоо-лыжа базасын тандаганын билдирген.

Туристтик агенттиктин маалыматына ылайык, ондуктун сап башында Казакстандын "Шымбулак" курорту жайгашса, андан кийинки орундарда Грузиядагы "Гудаури", Азербайжандагы "Шахдаг", "Туфандаг", "Алтай Альпысы", Беларустагы "Силичи" жана "Логойск", Армениядагы "Цахкадзор", Өзбекстандагы "Чимган", Кыргыз өлкөсүнөн "Каракол" тоо-лыжа базасы жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан