Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз мамлекетинин акыйкатчысын шайлоо өтөт.
Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөн. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн.
Буга чейин Кыргыз мамлекетинин акыйкатчысы кызматын Кубат Оторбаев аркалап келген. Ал ушул жылдын 26-июнунда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Оторбаев аталган кызматка 2015-жылдын 30-декабрында шайланган.