Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо болуп өттү. Башында 5 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө алардын бири Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салган. Аны "Бир Бол” фракциясы талапкер катары көрсөткөн болчу. Учурда акыйкатчылыкка ат салышкан 4 талапкер калды. Алар: КСДП фракциясы сунуштаган Токон Мамытов, "Бир Бол" сунуштаган Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев жана "Ата Мекен" сунуштаган Канатбек Азиз. Жыйынтыгында акыйкатчы болуп Токон Мамытов шайланды.
Депутаттар экологиялык маселелерди талкуулашты. (15 мүнөттүк танаписке чейин)
Акыйкатчыны шайлоо.
Акыйкатчыны шайлоо түшкү тыныгуудан кийин.