"Сиз мени башка өлкөнүн жараны деп айтыптырсыз" деп депутат Бахадыр Сулейманов Акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдон парламент жыйынында сурады.
Сулейманов: “Буга чейин сиз ЖМКлардын бирине менин башка өлкөнүн жараны экендигим боюнча маалымат айткансыз. Эгер сизде мындай маалымат болсо, эмне үчүн документтерди алып чыкпайсыз?"
Мамытов: "Мен сизди түшүндүм. Сиздин башка өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди".
Сулейманов: "Бир жыл мурун бир генералыбыз “Белизгейт” жөнүндө айтты эле. Эми сиз “Казакгейтти” баштап жатасыз. Урматтуу депутаттар, мен СССРдин жараны болгом жана ал тарагандан кийин автоматтык түрдө Кыргыз Республикасынын жарындыгын алгам. Ошондон бери ушул жерде жашап келем”.
Ошондой эле Сулейманов Мамытовдун бир эле учурда эки кызматта иштеп, мыйзамды бузуп жатканын айтты. Токон Мамытов премьер-министрдин кеңешчиси катары эле мамлекеттен айлык аларын билдирди.