Бишкек шаарында жаңы троллейбустар ишке кирди

Бишкек шаарында жаңы троллейбустар ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында жаңы троллейбустарды ишке киргизүү салтанаты болуп өттү.

"Бүгүнкү күндө борбор калаага жалпы 52 троллейбус алынып келди. Алардын ичинен 37си орусиялык өндүрүштөн чыккан болсо, 15и Беларустан алынып келген троллейбустар. Жаңы троллейбустардын келиши менен №2 жана №6-троллейбус каттамдары кайрадан ишке кирди. Октябрдын аягына чейин Москва көчөсүндөгү линия Фучик көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө чейин узартылат. Ошондой эле Махатма Ганди көчөсүнөн Көлмө жаңы конушуна чейин линия куруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча 11 троллейбустук каттам бар. Алар №2, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №14, №17. Күн сайын линияга 128 троллейбус чыгат.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2018-09-26 16:58:44
Жанысын эле алып келе бербей канча автобус троллейбус бузулуп жатат.Ошолорду ондоп иштетишпейби.Мурдагы мэрлер алып келген автобустар иштеп атат дебесин деп эле ондошпойт.
-1
Dalil
2018-09-26 17:23:47
Bars88, тынымсыз каттаган соң алардын да жарамдуу мөөнөтү бүтөт. Кытайдан алып келбей Россия Беларустукун эле алып келгени туура деп эсептейм.
+1
Chungyz
2018-09-26 20:10:09
Алар да чет жака оздорундой чыгарбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан