Кыргыз өлкөсүндө аялдар абагында "таза аймак" борбору ачылды

Бүгүн, 26-сентябрда Чүй облусунун Степное айылындагы №2-аялдар абагында "таза аймак" борбору ачылды. Аталган жайды ачуунун максаты - өз эрки менен ичимдик жана баңгизаттарды колдонуудан баш тарткан аялдарды калыбына келтирүү. Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашкандай, долбоор Евробиримдиктин Борбор Азияда баңгизаттын жайылышына жол бербөө боюнча CADAP программасы тарабынан каржыланды.

30 адамга ылайыкташкан мекемеде соттолгондор менен атайын даярдалган социалдык кызматкерлер жана психологдор иштейт. Имаратта уктоочу бөлмөлөр, машыгуу залы, ашкана, чакан кийим тигүүчү цехи жана башка бөлмөлөр бар. Ошондой эле видеокөзөмөл системи орнотулуп, текшерип өткөрүүчү түйүн иштейт.

Имаратты ишке берүү аземине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, өкмөттүк аппараттын жана Евробиримдиктин өкүлдөрү катышты.

Евробиримдиктин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн саясат жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Раймондс Вингирс: "Таза аймак" аялдар абагындагы дарылануу жана калыбына келүүнүн инфратүзүмүн жакшыртууга көмөктөшөт. Баңгизат колдонгон аялдарга бул кызматты тартуулоо аялдар абагын Борбор Азиядагы эң алдыңкы мекеме кылары талашсыз", - деп айтты.

Объекттин курулуш иштери 2016-жылы башталып, жалпысынан 150 миң еврого жакын каражат сарпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kimsanbek
2018-09-26 16:20:31
ошол акчага бейбечараларга уй салбайбы андан коро! абак абактай болгону жакшы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан