"Ошто сызда отуруп, кайыр сураган апанын абалы зээнди кейитет" дейт журналист

Ош шаарынын Араван көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлардын биринин алдында улгайып калган апа дайыма кайыр сурап отурат. Бул тууралуу журналист Гүлжан Алтымышбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Сураштырсам жалгыз уулу каза болуп калган экен. Келини кетип, эки небереси колунда дешти. Кызы бар экен, ал Тажикстанда жашайт, каралашпайт. Бирок маалыматты такташ керек", - деп жазган ал.

Ошондой эле Алтымышбаева жардам бергиси келген, кайдыгер эмес мекендештерибиз апаны Араван көчөсүндө жайгашкан "Смайлик" аталышындагы тамактануучу жайдын алдынан жолуктура ала турганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
erlan2196
2018-09-26 19:18:34
Жанагы кыйкырып патриот корунгонгусу келгендер кайда журосунор. Ошко баргыла да ушундай иштер менен алек болгула. Интернетке отуруп алып корунгонду коркутуп, каргап шилеп, ушактабай.
+4
KyrgyzstanBishkek
2018-09-26 19:53:23
erlan2196,Сени менен мен барып жардам берсек
Болбойбу.Моюнга алыш керек колдон аалымдарды
Шылдындагандан башка эч нерсе келбейт
+4
erlan2196
2018-09-26 20:04:26
KyrgyzstanBishkek,
Аалымдар эмне кудай бекен. Аалымдарынар аман эле болсунчу. Мага бир тыйын пайдасы жок.
-5
sagynbek.apyshev
2018-09-27 02:11:49
erlan2196,сен болбодуң. Аалымдардын пайдасы тийип эле жатат. Ал эми байкабагандарга кийинчерээк билинет. Бирок анда өтө кеч болгон болот.
+1
murat17
2018-09-27 09:27:26
erlan2196,бул дуйнодо тийбесе дагы аркы дуйнодо тийет
0
Totyua.71.
2018-09-26 20:00:42
Бирөөгө бар,бирөөгө зар дүйнө...
+3
Rashingo
2018-09-26 21:46:47
Козумдон жаш айланды журогум аябай катуу ооруду апага
0
almanbetperm
2018-09-26 23:18:06
Озгурлуктар уят эмеспи
0
Aikaaaa
2018-09-27 00:23:39
Карылар үйүнө өткөрүп коюш керек го, кор кылбай
0
Bayazet
2018-09-27 03:06:50
Бул кемпир озгурдан оа уулу Каза болгон бир кызы Туркменистан да карашар эч кими жок
0
KAYRATBEK
2018-09-27 03:19:36
Казыят жардам бергиле сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан