Мындан 15 жыл мурун, 2003-жылы тоолуу Алтайда катуу жер титирөө болгон. 27-сентябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:33тө күчү 7,3 баллга жеткен зилзала катталган. Мунун кесепетинен көптөгөн көчкүлөр түшүп, жерде жаракалар пайда болгон. 2 миңге жакын турак үй, 25 мектеп, 16 оорукана бузулуп, Бельтир айылы толугу менен кыйраган.
27-сентябрдын жылнаамасы.