Белгилүү орусиялык ырчы Виктор Цойдун паспорту 9 миллион рублга сатылды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москвада болуп өткөн аукциондо паспорттун баштапкы баасы 2 миллион 500 рубль болуп, 9 миллион рублга чейин жеткен. Андан сырткары ырчынын кол тамгасы жана ырлар жыйнагы 3 миллион 600 рублга сатылган. Ал эми күндөлүгү 3 миллион рублга, ошол эле учурда черновиктери 550 миң рублга бааланган.
Ырчынын черновигинен башка буюмдарынын баарын бир адам сатып алганы белгилүү болгон.
Виктор Цой 1962-жылы 21-июнда жарык дүйнөгө келген. Кыска өмүрүндө көптөгөн хит ырларды жаратып, көпчүлүк сүйүп уккан ырчылардын бирине айланган. Ал өзүнүн "Группа крови", "Звезда по имени солнце" жана башка көптөгөн ырларын жараткан. Ошондой эле "Конец каникула", “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аталышындагы фильмдерге тартылган. Цой 1990-жылы 15-августта 28 жаш курагында автокырсыктан каза болгон.