Бүгүн, 27-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөттө айрым министрлер креслолору менен коштошуу алдында турабы? Мындай сигналдар өкмөттүн өзүнөн жана парламенттен угула баштады. Адаттагыдай, бул сигналдар Ак Үйдөн чыгып жатышы толук ыктымал. Айрыкча, транспорт жана жолдор министри, каржы министри, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин дарегине катуу сындар айтылууда. Ошондой эле билим берүү жана илим министринин аты аталбаса да, ал жетектеген тармак сынга алынып жатат. Кетиши мүмкүн болгон ар бир чиновник тууралуу кыскача токтолсок.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДПчы депутат Сайдолимжон Жураев Транспорт жана жолдор министрлиги - эң коррупциялашкан мекеме деп, министр Жамшитбек Калиловдун кызматтык жоопкерчилигин кароону талап кылды. "Каякта иш жүрбөсүн, тендер өтпөсүн ошол жерде кылмыш иши козголот. Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аталган министрликте 2016-жылы 231 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган. 2017-жылы болсо бул көрсөткүч 350 миллион сомду түзгөн. Бул министрликтин ар ишинде каржылык мыйзам бузуу бар. Министрге эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деди Жураев. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2016-жылдан бери аталган кызматта иштеп келет. Калилов ал кездеги премьер, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү менен келип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "оң колу" Сапар Исаковдун "жаштар жана технократтар" өкмөтүндө иштеген. Азыр да Мухаммедкалый Абылгазиевдин командасынын курамында өз ордун ээлөөдө. 2 жыл ичинде Калилов ар кандай деңгээлде түрдүү себеп менен сынга кабылып келген. Ага болгон нааразычылык массасы топтолуп келип, эми аны алмаштырууга ыңгайлуу учур келген көрүнөт.
Кетиши мүмкүн делген дагы бир чиновник - каржы министри Адылбек Касымалиев. Кечээ өкмөттүн жыйынында премьер-министр Абылгазиев анын ишин сынга алды. "Тышкы жана ички карыздар мамлекетке бир топ эле оорчулук алып келүүдө. Карыздарды төлөө үчүн каржы министринин жүргүзүп жаткан иштери жетишсиз. Сырткы жана ички карыздарды төлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издөө керек", - деди Абылгазиев. Өкмөт башчыдан бардык министрлердин жана ЖМКлардын көзүнчө мамлекет үчүн олуттуу маселе боюнча сынга кабылуу - өзгөчө сигнал. Касымалиев 2015-жылдан тарта аталган кызматты ээлеп, акыркы 4 премьер менен иштеп келет. Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызынын көлөмү 4,6 миллиард доллар. Бул карызды төлөөдө экономиканы зыянга учуратпоо - бийликтин эң маанилүү милдети. Бул багыттагы ишти жетишсиз жүргүзгөн министрди командада кармоо канчалык туура деген суроо туулат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын дале кызматтан кетпей жатканы түшүнүксүз бойдон калууда. Депутат Аида Касымалиева Исакунова жана анын орун басарлары дипломатиялык паспортторду пайдаланып, элдин акчасына үй-бүлөлөрү менен "саякаттап" жүрүшөт деп айтып чыккан. Бул айыптоолорго министрлик эч кандай жооп бербегени күнөөнү моюнга алганга тете. Түштүк Кореяда анын орун басары Зууракан Каденованын учактагы окуясы министрликтин тарыхында кара так калтырды. Бул боюнча да министр Исакунова үн ката элек. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көлөкө түшүргөн окуялар муну менен чектелбейт. Былтыр "Жөлөк пул жөнүндө" мыйзамды түзүүдө кемчиликтер кетирилгенин министр моюнга алган. Буга байланыштуу парламентте аны отставкага кетириш керек деген талаптар айтылып, бирок Исакунова креслосун сактап калган. Эгер Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында министрге тагылган күнөөлөр чын болуп чыкса, анын кызматтан кетерине жүйөлүү себеп болмокчу. Балким, министр жыйынтыгын күтпөй эле өз каалоосу менен отставкага кетет, анткени текшерүүдө жаңы кызыктуу жагдайлар коомго белгилүү болуп калышы мүмкүн.
Ноябрда өкмөттүн өзгөртүлгөн түзүмүнүн варианты парламентке сунушталары айтылган. Ошого карата бошотулчу креслолор аныкталып баштаган сыяктанат...
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков элчи Кылычбек Султандын билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды изилдөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырды. Ошондой эле тапшырмада элчинин айтып чыккан маалыматына карата Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды да терең талдап чыгуу айтылды. Өлкө башчы бул ишке компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн да тартууну талап кылды.
25-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштер тууралуу маалымат жыйын берген. Маалыматты ачыкка чыгарууга Тышкы иштер министрлиги, УКМК жана президенттик аппарат тарабынан тийиштүү реакция болбогондугу түрткү болгону айтылган. Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго жеткирүүнү көздөгөн маалыматтар Кыргыз элчилигинде иштеген кызматкердин чет өлкөлүк жарандан акча талап кылуусу, чет өлкөдөгү элчиликте кымбат баалуу автоунааны аткезчилик жол менен алып келүү, ага элчиликке тиешелүү автономерди берүү, дипломаттык кызматка тиешеси жок адамга дипломатиялык паспорт берүү, элчиликтин имаратынын ижара баасын мыйзамсыз кымбат көрсөтүү жана башка фактылар тууралуу болгон.
Президенттин элчинин маалымат жыйынына карата Коопсуздук кеңешине тапшырма берүүсү күтүлгөн кадамдардын бири эле. Себеби буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери мекемесинде орун алган коррупциялык иштер тууралуу айтып чыкканда ал окуяларды изилдеп чыгуу Коопсуздук кеңешине жүктөлгөн. Кийин Коопсуздук кеңеши жогорудагы кызматкерлер айтып чыккан маалымат тастыкталганын билдирген. Эми жооп Коопсуздук кеңешинин катчылыгында...