Кытайда дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн 5 саат бою алмак-салмак күрөшүп, аны өлүмдүн оозунан алып калышты. Бул тууралуу кытайлык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1 жума мурун Сяоюй аттуу бала жүрөк оорусу кармап ооруканага түшкөн. Бейтап миокардит оорусунан жабыр тарткандыктан анын жүрөгү сокпой калган.
Бейтаптын жүрөгүн кайра иштетүү үчүн 30 дарыгер 5 саат бою алмак-салмак аракет кылышкан. Алар бейтаптын жүрөгүнө 30 миңге жакын компрессия жасашып аны ажалдын оозунан сууруп алышкан.
Дарыгерлердин жасаган аракетинен кийин Сяоюйдун абалы турукташкан.