Орусиядагы узун кирпиктүү өспүрүмдүн кирпиктеринин узундугу 4,3 сантиметрге жетти

Орусиядагы 11 жаштагы Муин Бачонаевдин кирпиктеринин узундугу 4,3 сантиметрге жетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, өспүрүмдүн ата-энеси - Тажикстандан Орусияга көчүп барган жашоочулар. Алардын айтымында, Муин төрөлгөндө эле узун кирпиктери көңүлдү бурган. Бала чоңойгон сайын кирпиктери да кошо узара берген. Кирпиктин узуну 3,5 сантиметрге жеткенде Орусиянын рекорддор китебине кирген. Ал эми учурда кирпиктеринин узундугу 4,3 сантиметрди түзөт.
Баланын атасы Зайдуллонун айтымында, Муинди бир катар дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Бирок алар баланын ден соолугу жайында экенин, болгону генинде узун кирпиктүүлөр болгонун айтышкан. Ал эми Муин Бачонаев узун кирпиктер ага эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2018-09-27 14:37:46
Кыз болгондо...
+8
TalaCSKA
2018-09-27 14:47:15
Кирпиктери эле эмес каштары да аяабай койуу жана узуун го
+7
Yiman97
2018-09-27 14:49:15
Интернеттен окудукко Тж дейтко
-1
Bars88
2018-09-27 16:00:34
Yiman97,Тажикстандан орусияга кочуп барган деп жазылып туратго
+5
uli1234
2018-09-27 14:49:15
Мурутун остуруп алса Чапаев болуп калаткен
+9
ludimira
2018-09-27 15:14:10
Отооо узуну деле болбойт экен
+6
Paprikafm
2018-09-27 15:42:00
Кыркып тегиздеп койбойт бекен аа
+4
Mart19
2018-09-27 19:14:46
наоборот узун кирпик сулуу корсотпойт экен
+4
Akyl78.1501
2018-09-27 21:42:48
Кыздар кочот алатурган экен
+4
xnurgul_gul
2018-09-28 06:13:31
Akyl78.1501,катырдынгооооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан