Армениялык фотограф Наира Оганесян эки улуттун өкүлдөрүнүн канынан жаралган метис балдарды сүрөткө тартып, аны коомчулукка жарыялаган.
"Эки улуттун өкүлдөрү баш кошуп, алардын ортосунда төрөлгөн наристе өзгөчө сулуу болот деген кептерди көп укчумун. Мындан улам социалдык тармак аркылуу ата-энелердин тобуна аралаш улуттун өкүлдөрүн издеп жатканымды жаздым. Кызыгы, мага 200гө жакын ата-эне балдарынын сүрөттөрүн жиберишти. Бирок мен 6-9 жаштагы балдар-кыздарды тартууну туура көрдүм. Себеби алар жок дегенде 1 мүнөт болсо да тынч отуруп бере алышат", - деген ал.
Сүрөттөрдөн көргөндөй, аралаш улуттардан төрөлгөн балдар-кыздар өзгөчө сулуулукка ээ.