Орусия парламенти пенсияга чыгуу мөөнөтүн жогорулатуу боюнча мыйзамды колдоду

Орусиянын Мамлекеттик Думасы (парламент) пенсияга чыгуу мөөнөтүн узартууну көздөгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Басылмалардын жазышына караганда, өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан аталган өзгөртүү парламентке ушул жылдын июнунда сунушталган.

"Мамлекеттик Дума аталган мыйзам долбоорун 27-сентябрда үчүнчү (акыркы) окууда жактырды. Анда 332 депутат "макул" деп добуш берсе, 83ү каршы чыккан", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Орусияда эркектер 45 жылдык, ал эми аялдар 40 жылдык эмгек стажына ээ болсо пенсияга чыгууга укуктуу. Ал эми эмгек стажы жок аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат. Пенсиянын орточо көлөмү 14 миң 414 рубль.

Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат. Бул демилгеге каршы Орусияда нааразычылык акциялары өтүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Frunze2
2018-09-28 11:09:20
Оруссияда да коррупция куч алган да. Пенсия жашын узартпай койсо болот эле, бирок казынадан ири суммада акчалар уурдалып жатканы учун, ушул реформаны ойлоп табышты. Бул реформага элдин 99% каршы, бирок бийлик элдин пикири менен эсептешууну каалабай жатат. Бул эмнеге алып бараарын айтуу кыйын.....
0
Kroxa
2018-09-28 16:08:15
63 болдубу??55те2чыккан жакшы эле болмок..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан