Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Кожобек Рыспаевди фракциянын курамынан чыгаруу маселеси каралды. Бул маселе жабык эшик артында өттү. Жыйын бүткөн соң фракция лидери Иса Өмүркулов Рыспаевди чыгаруу же чыгарбоо чечими кийинки жумада кабыл алынарын айтты.
"Чечим кабыл алына элек. Маселени талкууладык. Талкуу кызуу болду. Кийинки жумада чечим кабыл алабыз", - деди Өмүркулов.
Кожобек Рыспаев өзү жооп берүүдөн баш тартты. "Маселе ошол боюнча, баары өз ордунда калды", - деди Рыспаев.
Эске салсак, Рыспаев ушул жылдын 29-августунда КСДПнын саясий кеңешинин жыйынтыгында аталган партиянын катарынан чыгарылган. Эл өкүлү өзү партиянын катарынан чыгып калганын КСДПны колдобой койгондугу менен байланыштырган.