Бүгүн, 28-сентябрда Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Ордо айылында жаңы мектептин ачылышы болгон. Ага өлкөнүн вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана облус башчысы Узарбек Жылкыбаев катышкан. Мектептин ачылышына вице-премьер 2 сааттан ашык кечигип келгени жана анын күтүп жаткан мектеп окуучулары күндүн ысыгында өзүн жаман сезишкендигин айрым маалымат булактары жазып чыгышкан.
Ал эми Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сүйүнбай Исаков SUPER.KG порталына мектептин ачылышы белгиленген мөөнөттөн 5 мүнөт мурун башталганын билдирди.
"Мектептин ачылыш салтанаты бүгүн саат 11:35те болмок. Иш-чарага мектеп окуучулары чакан концерттик программасын даярдаган. Чакырылган коноктор, анын ичинде вице-премьер Алтынай Өмүрбекова саат 10:55те эле, башкача айтканда, 40 мүнөт эрте келишкен. Окуучуларды салтанаттын башталышына аз гана убакыт калганда сыртка алып чыгып бир сыйра даярдыктар көрүлгөн. Андан соң күн ысык болгонуна байланыштуу балдар көлөкөдө отуруп турушкан. Ошол маалда журналист кыз тартып алып туура эмес маалымат тараткан экен", - дейт Исаков.