Ала-Бука районунун борбордук бөлүгүндө жол оңдолуп жатат. Анын кечеңдеши жергиликтүү элге ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" окурман билдирди.
"Райондук администрациянын алдындагы жол бир айдан бери жабык турат. Мындан улам унаа тыгыны жаралууда. Жолду оңдоп жатышканына ыраазыбыз, бирок куруу иштерин тездетишсе жакшы болмок эле. Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров сыртка чыгып бир көзөмөлдөп койсо болбойбу? Негизги жол бүгүн да жабык", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.