ЭЛДИК КАБАР: Бишкектен Москвага унаа менен бара жаткан Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылышты

Бишкектен Москвага унаа менен бара жаткан Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Бишкектен Москвага багыт алган 7 орундуу унаа 28-сентябрдан 29-сентябрга караган түнү кырсыкка кабылды. Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Казакстандын Хромтау шаарындагы ооруканада оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки адамдын баш мээси чайкалганы айтылды. Дагы бир жүргүнчүнүн колу сыныптыр", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
haydarkan
2018-09-29 21:19:46
Ушул опкосу жок машина айдагандар кыргыздардын жарымын жок кыла турган болдуго. Сени аркандан бироо кууп жатабы уктап уктап акырындан айдап келе бер. Орустар айткандай "тихо едешь дальше поедешь". АЛЛАХ ТААЛА да айтквн сактанганды сактайм деп
+7
JaneEr
2018-09-29 21:27:17
Акчасын аябай самолет менен эле учушбайбы каап....
+2
Tolkun555
2018-09-29 21:44:21
JaneEr,самолет деле тушуп калып жатат го
+1
Matahara1980
2018-09-29 22:58:34
Tolkun555,самолет машинага караганда редко кырсыктайт го, машина менен авария почти каждый день болуп турат
+7
Samar90
2018-09-29 21:53:17
Биз кыргыздар чындыгында Правиланы жакшы бизбейбиз адырандап алынып кетебиз башыдан окутуш керек карысында жашында
+3
Karysh
2018-09-29 21:53:21
Оздору жакшы аман калышыптыр
+2
Aidar.001
2018-09-29 22:08:39
Степ! Степ! Степ!
0
Koichuman
2018-09-29 22:18:06
Японияда степ вагонго дорога смерьти деген наам беришкен экен. Себеби ал жакта да коп кырсык ушундай унада болгондуктан. Бизде негизи степ айдагандардын баарысы тез ылдамдыкта журушот жол эрежесин сактап жолго чыгаарда дуаны окуп чыгышса жакшы болмок.
+1
Fatimka
2018-09-29 22:30:34
Таксисттер укташпай айдашат экен. Акчага кызыгышып. Аларды адам өмүрү кызыктырбайт окшойт.
+2
yasin11
2018-09-29 22:34:16
Кырсык каш кабактан ортосунда дешет кантип болгонун билбей каласын кудай өзү сактасын алам десе жаткан жеринден да алат шыпаанарды берСин жараткан
+3
Umersam
2018-09-29 23:05:16
Эң жакшысы поезд. Поезддин баасын түшүрүшсө машина менен эч ким каттабай калат эле,кырсык дагы азаймак.
+3
mr.sher
2018-09-30 09:34:05
Аты жонун тактап койгула.
0
bibi87
2018-09-30 14:04:38
Стептер эми Москвага, Россияга каттабай эле койсо, адамдар деле тушпой эле койсо
+2
Rifle_I
2018-09-30 22:45:07
Степ айдагандардын көбү лизачтар, колдорун чөктөккө салыгып, бармагында ключ айландырышат. Алыс эле болсоңор стептерден.
+1
raykray
2018-10-01 01:01:43
Соз степвагондо эмес шопур акеде!!! Мен жакында Казакстанга границага коркуп уркуп жатып чыгып келдим олуп калып келбечудой(. Степ мн 7 адам чыктык шофер жаш бала экен ото соонун айдап чыгып келди жолдо бир кокустан буруп же бир-кокус токтой калып чочутуп уркутпой алжактабай айдап чыгып келди. Анан келе жатканда ойноп обгон алып али учуп отуп бир кыргыз бала келди. Билбейм эми кырсыктар азайса экен. Бул бир-туугандарым тезирак сакайсындар
+1
KG.2606.Noo
2018-10-01 01:08:13
Степ,Степ жеп жеп буттуго кыргыз элимди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан