КҮНСЕРЕП: Темир жолдун башчысы кызматтан алынды. Бул ишканадагы коррупция эми токтойбу?

Бүгүн, 2-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекеттик "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев кызматтан бошотулду. Ногойбаев бул ишкананы 3 жылдан бери жетектеп келген. Бир топ убакыттан бери анын иши боюнча сындар айтылып, жарандык активисттер, Жогорку Кеӊештин депутаттары аны кызматтан алууну сунуштап, ишин иликтөө керек деп жатышты.

Кирешелүү "Кыргыз темир жолу" дээрлик банкрот абалына жеткенин депутаттар 2016-жылы эле айтып чыгышкан. Расмий маалыматка таянсак, союз кезинде бул ишканада 2300 вагон болсо, мындан 2 жыл мурун 600дөйү эле калды деп маалымат берилген. Ишкана вагон сатып алууга деп Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 8 миллион 380 миӊ сом насыя алган. Бул акчанын кандай коротулганы текшерүүгө муктаж. 2017-жылы депутат Рыскелди Момбеков "ишин эптей албай жатат" деп Ногойбаевди иштен айдоону сунуштап чыгып, колдоо тапкан эмес. Былтыр Ногойбаев мамлекеттик кызматта туруп президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоорун ачык айтканы үчүн "бир талапкерге үгүт жүргүздү" деп сынга кабылган. Жарандык активисттер бул аракети үчүн ага чара көрүүнү суранып БШКга кайрылып, комиссия арызды канааттандырган эмес. 2018-жылы депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолунун" вагон сатып алуу боюнча казакстандык фирма менен түзгөн келишими шектүү экенин, алынып келген вагондордун бир бөлүгү талапка жооп бербей турганын айтып чыкты. Чиновник Ногойбаев "Кыргыз темир жолуна" караштуу жерге кызына мейманкана салып берди, Өзбекстандын Кыргызга болгон 137 миллион сом карызын кечип жиберди деп да күнөөлөнгөн. Бул маалыматты ишкана төгүндөп, депутат Акаев айткан жер ишканага караштуу эмес, аны Ногойбаевдин кызы 49 жылга ижарага алып иштетип жатат деп чыкты. Ушундай чуулуу окуяларга, сындарга карабай Ногойбаевге кол тийген жок. Депутат Акаевдин айтымында, Ногойбаевди парламенттеги фракциялардын биринин жетекчиси калкалап жаткан.

Жакында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Алия Асанбаева аттуу кызматкери Бишкек-Орусия багытындагы поезд каттамында жарандар билети жок ташылып жатканын айтып чыккан. Бул маалыматты иликтеген Коопсуздук кеӊешинин катчысы Дамир Сагынбаев ишкана эл аралык каттамдар боюнча көп адамдарды билетсиз ташыганы аныкталды деп жарыялады. Буга чейин поездге билеттерди Ногойбаевге караштуу компаниялар гана сатууда деген сөздөр айтылып жаткан. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын маалыматына караганда, ушул жылдын 1-январынан 30-апрелине чейинки аралыкта Бишкек-Москва, Бишкек-Новокузнецк жана Бишкек-Казань багыты боюнча 67 каттам ишке ашырылып, жалпы 4 868 билет сатылган. Ал эми билети жок жүргүнчүлөрдүн саны 2 874 адамды түзгөн. Соңку чечим Ногойбаев баштаган "Кыргыз темир жолунун" жетекчилигинин иши текшерилет деген белгиби же адаттагыдай кызматтан бошотуу менен жоопкерчиликтен куткаруубу? Азырынча белгисиз...

Өлкөдө "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырганы жаткан орусиялык "ВЕГА" компаниясы АКШ жана Канаданын "кара тизмесинде" эмес. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети Орусияда аскер-космостук жабдууларды чыгаруучу "ВЕГА" деген башка компания бар, ошол компанияга АКШ санкция киргизген дейт. Кечээ ЖМКларга "ВЕГА" АКШ санкция жарыялаган компания экенин, ушундай компанияга "Коопсуз шаарды" карматуу күмөн жаратары тууралуу маалыматтар тараган эле.

Айта кетсек, "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча өткөн сынакта "ВЕГА" компаниясы жеңүүчү аталган. Өкмөт бул компания бардык этаптардан ийгиликтүү өткөнүн, учурда келишим түзүүгө даярдык көрүлүп жатканын жарыялады. Аталган компания "Коопсуз шаарды" 1 миллиард 195 миллион сомго ишке ашырмакчы. "ВЕГА" компаниясы Орусиянын "Ростех" корпорациясынын курамына кирет. "Ростехтин" курамындагы айрым башка компанияларга АКШ санкция киргизген. Ал эми "ВЕГА" компаниясы өзүнө эч кандай чектөө жок экенин жарыялады.

Саясатчы Равшан Жээнбеков "Коопсуз шаарды" Орусиянын коргоо, коопсуздук органдары менен тыгыз иштешкен компанияга карматуу өлкөдө жарандардын эркиндигине, маалымат коопсуздугуна коркунуч жаратат деген пикирде. Ал эми өкмөт долбоор алкагында "ВЕГА" компаниясында жеке маалыматтарды сактоочу база болбой турганын айтып ишендирүүдө. Ал эми экс-премьер Сапар Исаковдун командасында иштегендердин бири "Акылдуу шаар" долбоорун Кыргыз өлкөсү жергиликтүү IT коомчулугунун (маалыматтык технологиялар) күчүнө таянып ишке ашырууга даяр болуп калганын, бирок азыркы өкмөт андан баш тартып, долбоорду чет элдик компанияга берип салганын айтып чыккан. Айта кетсек, "Акылдуу шаар" боюнча кытайлык "Хуавей" компаниясы менен келишим үзүлгөн соң Исаков долбоорду Кыргыз өлкөсү өз алдынча ишке ашырат деп убада берген. Бүгүн "Коопсуз шаарды" орусиялык аскердик концернге берүү менен өкмөт өлкөнүн коопсуздук маалыматтарын башка өлкөлүк компанияга карматып, жергиликтүү IT коомчулугунун күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн чектегени турат...

Өлкөдө Тергөө судьялары институтун ишке киргизүү сунушталууда. Ал үчүн соттордун санын 56 штаттык бирдикке көбөйтүү керек. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин тармактык комитети карап, жактырды. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын айтканына таянсак, тергөө судьясы прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчилигинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органындагы ыйгарымдуу кызмат адамынын чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук көзөмөл жүргүзмөкчү. Башкача айтканда, тергөө органдарынын үстүнөн түшкөн арыздарды карайт.

Тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы көптөн бери айтылып келет. Тергөө судьялары иштей баштаса эле тергөөчүлөр адилеттүү иштей баштайт деген кепилдик жок. Депутат Алтынбек Сулайманов судьялардын санын көбөйтүү соттук реформа эместигин айтып, анын ордуна Жогорку Соттун төрайымын иштин сапатын жакшыртууга чакырды. Өлкөдө соттордун жоопкерчилигин карай турган Судьялар кеӊеши, анын алдындагы Тартип комиссиясы иштейт. Бирок адилетсиз, шектүү чечимдер дагы эле чыгарылып жатат. Мыйзамсыз чыгарган чечимдери үчүн судьялар жоопкерчиликке тартылган учурлар дээрлик жокко эсе. Тескерисинче, коомчулукта "бийликтин буйругун аткарган" деп кабыл алынып калган соттор акыркы күндөрү кызматтан көтөрүлүп жатат. Сотторго карата элдин ишеними болсо абдан төмөн. Анткени маселе текшерүүчү, көзөмөлдөөчү органдын жоктугунда эмес, бар мыйзамдардын иштебей жатканында болууда...

Бүгүн жарандык активист Мавлян Аскарбеков менен журналист Тынчтыкбек Алтымышев кызматка дайындалышты. Мавлян Аскарбеков Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары, журналист Тынчтык Алтымышев болсо мамлекеттик "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.

Аскарбеков кызматка мэр Азиз Суракматовдун буйругу менен дайындалса, Алтымышев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен келди. Бүгүн Жогорку Сот Мавлян Аскарбековго карата козголгон кылмыш ишин жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кыскартты. Ага 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ айылынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп айып коюлуп, кылмыш иши козголгон эле. Райондук сотто ал күнөөлүү деп табылып 50 миӊ сом айып төлөөгө милдеттендирилген. Ошондой эле анын өлкөдөн сыртка чыгуусуна да тыюу салынган. Шаардык сот бул чечимди жарым-жартылай өзгөртүп, 50 миӊ сом айыпты алып салган эле. Жогорку Сот аны жазадан бошотту.

Аскарбеков да, Алтымышев да бийликтин кемчиликтерин сындап келе жаткан активисттер эле. Кызматка барган соң алар активдүү жарандык позициясын сактап калышабы же бийликтин солдатына айланышабы, убакыт көрсөтөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан