ЭЛДИК КАБАР: "Жаңы конушта жаңылык. Бишкектеги Арча-Бешик конушунун көчөлөрүнө электр жарыктары орнотулду" дейт окурман

"Мен сиздер менен мени кубанткан көрүнүштү бөлүшкүм келди" деп жазылат "Элдик кабарга" келген кезектеги билдирүүдө. Анда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну конуштагы көчөлөргө электр жарыктары орнотулганын билдирген.

"Түн ичинде үйдө балдарыма тамак берип коюп, алар сабак окуп жатышкан. Мен сыртка чыгып эле көчөнүн баары жапжарык болуп калганын көрүп, абдан кубанып кеттим. Демейде түнкүсүн капкараңгы болуп турган конуш көзүмө өзгөчө кооз көрүндү. Буга чейин көчөгө электр мамылары орнотулган эле. Бирок иш аягына чыгарына көп деле ишеним арткан эмеспиз. Мурда балдар мектептен кайткан убакта караңгы кирип кетип, алардан кабатырланып, тосуп барчубуз. Эми балдар да мектептен коркпой келишет", - деген ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ahunali12
2018-10-02 10:35:45
Арча-бишиктин Ахунбаев кочосуно да тезирээк койсо экен. Унаалар коп журот, бурок карангы. Жолдон отуу коркунучтуу
0
Alleria
2018-10-02 12:32:42
Урматтуу Супер инфо жамааты менин элдик кабарга жиберген билдируум эмнеге чыкпай жатат? Саналуу муноттордо чыгат депсиздирдер бул жерде мен жибергениме 2 кун болду. Ал жерде койгойлуу маселе жазылган болчу ватсабынарды ачып карап чыгарып койгулачы сураныч
0
admin_superstan
2018-10-02 13:15:22
Alleria,
Саламатсызбы? Сизге купуя кат менен жооп берилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан