Грузияда полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салынды

Грузияда 1-октябрдан тарта бир жолу колдонулуучу полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салган мыйзам ишке кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салынып, муну менен кошо эле ар бир товар өндүрүп жаткан мекеме компаниянын атын сөзсүз түрдө баштыктардын сыртына жазууга милдеттендирилген.

"Өлкө ичинде калыңдыгы 0,0015 миллиметр болгон полиэтилен баштыктарын өндүрүп чыгарууга, импорттоого жана колдонууга тыюу салынат", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары полиэтилен баштыктарынын калыңдыгына карабай аны колдонууга толук тыюу салуу 2019-жылдын апрель айында күчүнө кирет. Аталган мыйзамды бузгандарга 200 доллар айып салынат жана товар конфискацияланат. Ал эми эрежени экинчи ирет бузса, 380 доллар айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bazana
2018-10-02 09:55:47
Эмнеге тыйуу салышат?
-1
tatum67
2018-10-02 10:35:47
Bazana,Дүйнө жүзүндө өнүккөн өлкөлөр экологияны сактап калуу максатында тыюу салып жатат, ар кандай акциялар иш чаралар уюштурулуп жатат деген маалыаттарды радиондон,теледен, гезиттерден какшап эле жатышат го. Же сага жер, суунун бары желим, полиэтилен пакеттердин басып жатканы жагып атабы?
+2
Altyn10076
2018-10-02 10:12:46
Тура кылышат тоо таштын баары эле таштандыга толуп кетти.
+1
Sarinakg
2018-10-02 12:39:13
эң туура кылган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан