"Нобель" сыйлыгынын 2018-жылдагы медицина жана физиология жаатындагы жеңүүчү аталган окумуштуулардын аттары белгилүү болду. Бул тууралуу "Нобель" комитети интернеттеги баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, сыйлык америкалык окумуштуу Жеймс Эллисон жана япониялык окумуштуу Тасуку Хондзеге ыйгарылат. Окумуштуулар рак оорусуна каршы дарылоонун радтотерапия жана химиотерапиядан айырмаланган жаңы жолун ачышкан.
Алардын изилдөөлөрү рак клеткаларынын адамдын иммундук системиндеги активдүү клеткаларын жок кылуусуна арналган.
Айта кетсек, 2017-жылы физиология жана медицина жаатындагы "Нобель" сыйлыгын Жеффи Хол, Майкл Росбах жана Майкл Янг жеңип алышкан. Аталган окумуштуулар биологиялык ыргактарды көзөмөлдөөчү молекулярдык механизмдерди ачышкан.