Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Бишкектеги Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов бүгүн, 2-октябрда кол койгонун мэриядан кабарлашты. Кол коюлган буйрукка ылайык, Аскарбеков акимдин орун басары катары турак жай, комуналдык чарба тармагын тейлейт.
Мавлян Аскарбеков жарандык активист катары коомдогу саясий окуяларда өз пикирин билдирип, бир катар митингдерди уюштуруп келген. Ал 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркаган Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп айыпталып, ага кылмыш иши козголгон.
Бул боюнча Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Бүгүн Жогорку Сот козголгон кылмыш ишти кыскартты.