Бүгүн, 5-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөттүн көзгө басар долбоору кайрадан үзгүлтүккө учураганы турат. "Коопсуз шаарды" ишке ашыруучу "Вега" компаниясы тууралуу дооматтарды көз карандысыз комиссия негиздүү деп тапты. Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу бул мекемелер аралык комиссия Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетине сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштады. Маалыматты бул долбоорго көзөмөлдүк кылып жаткан Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитети да ырастады. Акыркы чечимди аталган комитет чыгарууга тийиш.
Мындан 1 ай мурда "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча өткөн аукциондо орусиялык "Вега" компаниясы жеӊүүчү деп табылган. Орусиялык компания долбоор үчүн 1 миллиард 195 миллион сом сунуштаган. Аукционго "Маалыматтык коопсуздук системи" жана "Альфа телеком" компаниялары да катышып, бирок булар "Вегадан" кымбат баа сунуштаганы үчүн утулуп калышкан. 5 жылдан бери өкмөт 4 жолу тендер өткөрүп, 1 жолу түз келишим түзүү аркылуу “Коопсуз шаарды” ишке ашырууга аракет кылып көрдү. 2013-жылы алгачкы тендер өтүп, бирок сот тендерде мыйзам бузулду деп жыйынтыгын жокко чыгарган. Экинчи тендер 2014-жылы өтүп, анда ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев тендерде мыйзам бузулганын айтып жеӊүүчүнү аныктаган документке кол коюудан баш тарткан. 2017-жылы Сапар Исаков долбоорду тендерсиз, кытайлык “Хуавей” компаниясы менен түз келишим түзүү аркылуу ишке ашырууга аракет кылып, бирок шектүү жагдайлар байкалган соӊ ал компания менен кызматташууну токтотту. Абылгазиевдин өкмөтү быйыл 23-августта жеӊүүчү компанияны аныктоо үчүн сынак өткөрүп, аукцион техникалык мүчүлүштүктөн улам деп үзгүлтүккө учураган. Кайрадан сынак жарыяланып, 4-сентябрда жеӊүүчү компания болуп “Вега” табылган эле.
Өткөн аптада ЖМКларга "Вега" АКШ санкция жарыялаган "кара тизмедеги" компания деген маалымат тарады. Өкмөт бул маалыматты төгүндөөгө аргасыз болду. Кечээ "Маалыматтык коопсуздук системи" компаниясынын өкүлдөрү Бишкекте пресс-жыйын өткөрүп, анда "Коопсуз шаар" боюнча аукцион мыйзам бузуулар менен өткөнүн, бул боюнча арыз-даттанууларды караган мекемелер аралык комиссияга кайрылышканын, Кыргыз чиновниктери даттанууну кайтарып алгыла деп коркутуп жатканын айтып чыгышты. 1 ай мурдагы окуя, андагы мыйзам бузуулар тууралуу бул компания эмне үчүн бүгүн айтып чыкканы түшүнүксүз. Аталган компания "Веганы" коопсуз шаар курууга тажрыйбасы жок деп айыптады. "Жолдо эреже бузган автоунааны сүрөткө тартат деп тендерге катышууда көрсөткөн аппараты жараксыз, мисалы, ал аппарат таштанды ташуучу унааны саатына 124 чакырым ылдамдыкта баратат деп сүрөткө тарткан. Оор жүк ташуучу унаа эч качан андай ылдамдыкта жүрө алмак эмес", - дейт компания өкүлү Юрий Катютин. "Мындай камераларды Бишкектин көчөлөрүнө орнотууга ким кызыкдар?" - деп суроо салат компания өкүлү. Азырынча тендердик комиссиядан жооп боло элек.
Ал эми Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитети даттанууларды караган комиссиянын мындай чечими изилденип жатканын билдирди. Ушуну менен "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу үчүн 5-аракет жыйынтыксыз болгону турат. Чын эле "Коопсуз шаар" тажрыйбасы жок, шектүү компанияга берилип кете жаздадыбы же бул компанияга бут тоскон күчтөр барбы? Буга чейин Бишкектин коопсуздугун башка мамлекеттин атайын кызматтарына тыгыз байланган аскердик концернге бербеш керек деген эскертүүлөр айтылып жатты.
Өкмөттүн 9 айлык иши боюнча премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке жакында отчёт берет. Депутаттар өкмөттүн ишине баа берүүчү негизги иштердин бири "Коопсуз шаар" деп улам эскертип жатышат. 21-сентябрда Абылгазиев дал ушул долбоор боюнча өкмөттө жыйын өткөрүп, анда жооптуу комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев премьерге долбоорду "Вега" компаниясы ишке ашырары тууралуу маалымат берди. Ал эми премьер келишим даярдоого старт берген. 6 жылдан бери өкмөт өлкөнүн ири трассаларына жана негизги шаарлардын көчөлөрүнө күнү-түнү видео көзөмөл жүргүзүүчү системди кура албай келе жатат. Деген менен “мына баштаганы жатабыз” деген кыйкырык коштогон пиар кампаниялар менен тендерлерге адамдык ресурс менен салык төлөөчүлөрдүн каражаты кетүүдө...
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова тууралуу жаӊы маалыматтар чыкты. Депутат Аида Касымалиева министрдин АКШ жана Аргентинага премьердин уруксаты жок эмгек өргүүсүн алып барганын тастыктаган документтер колуна тийгенин жарыялады. Ал жактагы сапары тууралуу өкмөт башчыга айткан эмес, келген соӊ отчёт жазган эмес дейт депутат. Ага таянсак, Америкага жасалган сапарда АКШнын эл аралык агенттиктерин аккредитациялоо маселеси талкууланган. Касымалиева бул агенттиктер эл аралык балдарды багып алуу маселелери менен алектенерин, алар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен аккредитацияны 6 айдан бери ала албаганын айтат.
Буга чейин Исакунова өзүнүн мурдагы орун басары, Сеул аэропортунда чуу салган Зууракан Каденованы Түштүк Кореяга жибербей койсо, ал эмгек өргүүгө чыгып алып баары бир кетип калганын билдирген. Депутат Касымалиеванын сөзүнө таянсак, Исакунова өзү да премьерден уруксат болбогон соң эмгек өргүү алып, АКШга кетип калган болуп чыгууда. Касымалиева өткөн аптада министр Исакунова күйөөсү жана баласы менен мамлекеттин акчасына дүйнө кыдырып жүргөнүн, Санкт-Петербург, Лондон өӊдүү шаарларга барганын ай-күнүнөн бери атап айтып берген. Буга Исакунова комитет жыйынында "жалган" дегенден башка комментарий берген эмес. Депутаттын бүгүнкү билдирүүсү боюнча да аталган министрликтин жетекчилиги тарабынан жооп боло элек. Тар чөйрөдө бүгүн-эртеӊ Исакунова менен анын орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетери айтылып жатат. Айта кетсек, Мамытова да чет жердеги иш сапарларда дипломатиялык паспортун жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп шектелүүдө. Буга чейин чет жердеги чуулуу сапарынан улам Каденова иштен алынган.
Бул өңдүү иштер жалгыз гана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде болгонуна ишенүү кыйын. Мындай маселе белгилүү болгон соң Жогорку Кеңештин депутаттары башка министрлик, мамлекеттик департамент, агенттиктердин жетекчилеринин сапарларына да көзөмөл кылуулары керек эле. Бирок маселени бир министрликтин тегерегинен ары өткөрбөй жатышат. Буга караганда диппаспорт чуусун, башка өлкөлөргө күмөн жараткан сапарларды шылтоо кылуу менен аталган министрлик жетекчилигин кызматтан алып түшүп, башка адамдарды кызматка алып келүү аракети жүрүп жаткансыйт...
Бишкекте бүгүн "Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары" аттуу III эл аралык Ысык-Көл форуму старт алды. Ага залкар жазуучунун жакындары, президент Сооронбай Жээнбеков, парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, окумуштуулар чөйрөсү, чет өлкөдөн келген коноктор катышты. Форумга 25 өлкөдөн 150дөн ашык өкүл келди.
Ысык-Көл форуму мындан 32 жыл мурун - 1986-жылы улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун демилгеси менен түзүлгөн. Дүйнөлүк интеллигенция өкүлдөрүн бириктирген форумда адабият, маданият, экология тармагында учурдун жетишкендиктери жана глобалдык көйгөйлөрү талкууланып келген. Мындан 32 жыл мурун дүйнөнүн көрүнүктүү 17 инсаны көл жээгине чогулуп глобалдык цивилизациянын ал кездеги көйгөйүн жана келечегин талкуулаганын президент Жээнбеков бүгүн белгилеп өттү. Ошол 17 адамдын бири - казакстандык белгилүү жазуучу Мухтар Шаханов эле. Ал бүгүн форумдун ачылышына катышып, заманбап жашоодо руханий баалуулуктар төмөн түшүп кетти деп кейиди. "Материалдык байлык, жеӊил маанидеги ырлар биринчи планга чыкканы туура эмес, муну ойлонушубуз керек" дейт Шаханов. Форум 8-октябрга чейин Чолпон-Атада уланат. Анда Айтматовдун чыгармачылыгы, маданият темасы талкууланат. Аягында форумдун декларациясына кол коюлары күтүлүүдө.
Быйыл Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Улуу жазуучу калтырып кеткен мурас дүйнөлүк адабият менен маданияттын каймактарын Кыргыз жерине чогултуп отурат. Жакында депутаттар Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз өкмөтү көзгө көрүнөрлүк иш жасаган жок, ал эми башка өлкөлөр сейил бактарга, чоӊ көчөлөргө Айтматовдун атын берип жатат деп сындашкан. Бул иш-чара өкмөттү ошондой сындардан куткармакчы. Мисалы, Анталияда жаӊы ачылган сейил бакка Чыӊгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Астанада Айтматовдун ысымы негизги көчөлөрдүн бирине берилди. Жыйынтыктап айтканда, залкар жазуучу чыгармаларында көтөргөн жалпы адамзаттык көйгөйлөргө, чакырыктарга, баалуулуктарга кыргыз көӊүл буруп, Айтматовдун калтырып кеткен мурасынан руханий азык, таалим-тарбия алууну уланта берүүсү зарыл...