Ийгиликке жетишкен дзюдочулар 300 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту

Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясы Азия чемпиондугунда жана Азия оюндарында ийгиликке жетишкен 4 спортчуга 300 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарында орун алды.

Сыйлыктын ээлери Ливандын Бейрут шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медалдарды багындырган Кубанычбек Айбек уулу менен Эрлан Шеров жана Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында коло медалдарды багындырган Артур Тё менен Владимир Золоев болду. Алардын ар бири 300 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Эрлан Шеров 81 килограмм салмак ченинде чемпиондукту камсыздай алса, Кубанычбек Айбек уулу 55 килограмм салмак ченинде чемпион болгон.

Жайкы Азия оюндарында Артур Тё 66 килограммга чейинки салмак ченинде жана Владимир Золоев 81 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалдарга татыган.

Кыргыз дзюдочулар 300 миң сомдон сыйлык алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2018-10-03 14:42:58
Тортооно 300минби же ар бирине 300минденби, тушунуктуу жазсанар
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-10-03 15:10:53
almanbetperm, Баары окшош экен десен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан