Инстаграм бир саатка жакын убакыт иштебей калды
Инстаграм социалдык тармагынын кызматы бир саатка жакын убакытка үзгүлтүккө учурады.
Бул арада колдонуучулар аталган тиркеме АКШ, Европа, Чыгыш Азия, Япония, Орусия, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүндө Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чамаларында үзгүлтүккө учураган. Интернет-ресурстардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн Downdetector сервисинин изилдөөсү боюнча колдонуучулардын 31 пайызы тиркемеге кире алган эмес. Колдонуучулардын 51 пайызы инстаграм баракчасындагы жаңылыктарды жаңылай алган эмес. Ал эми 17 пайызы сайтты ача алган жок.
Инстаграмга телефон аркылуу кирүүгө аракеттенгенде жаңылыктар жаңыланбай, эч кандай кыймылдарды аткарбай калса, компьютер аркылуу кирүүдө "5хх Server Error" деген жазуу чыгып жатты.
Азырынча анын үзгүлтүккө учураганынын себептери айтыла элек.