КҮНСЕРЕП: Жээнбеков өзүн эртеңки кол тийбестигинен ажыратууга жол береби?

Бүгүн, 4-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча юрист Нурбек Токтакуновдун сунушун жарым-жартылай канааттандырды. Токтакуновдун кайрылуусу эмне тууралуу эле, палата кандай негизде чечимге келди, жалпы эле бул окуя эмнеге алып келиши мүмкүн?

Юрист Нурбек Токтакунов ушул жылдын апрель айында экс-президенттердин кол тийбестигин алуу, мындайча айтканда, бул укукту конституциялык эмес деп тануу сунушу менен Конституциялык палатага кайрылган. Анда Токтакунов "экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам башка жарандардыкынан айырмаланып турат, тең укуктук жоголууда" деп, экс-президенттердин укуктук иммунитетин биротоло алып салууну сунуштаган болчу. Өтүнүчтү кечээ караган палата кайрылууга негиз болгон "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Палата юристтин позициясы менен макул болуп, ошол эле учурда "экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жоболорун мыйзамга киргизиш керек, бул жол-жоболор президентти кызматтан четтетүү тартибинен жеңил болбошу керек" деген бүтүмгө келди. Ал эми бул процедураларды Жогорку Кеңеш аныкташы керек болот. Айтмакчы, Нурбек Токтакуновдон кийин эле бул маселени көтөрүп чыккан адам Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болгону маалым.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз мамлекетинде экс-президенттер кол тийбестик укугуна ээ. Бул артыкчылык президент учурундагы жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тартылышынан, ошондой эле кармалышынан, камакка алынышынан, тинтүүгө, суракка алынуусунан сактайт. Экс-президенттин кол тийбестик укугу ал ээлеген турак жайга, кызматтык бөлмөлөргө, пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да тийиштүү болот. Экс-президенттин ар-намысы жана аброю мыйзам менен корголот.

Быйыл жайкы каникулга тараганга чейин, тагыраагы, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган эле. "Мындай чоң көлөмдөгү каражатты алууга президенттин гана эрки жетет. Ал ошол учурдагы каржы министрине карыз алуу боюнча сунуштама берген. Бул ыйгарым укукту ашыкча пайдаланганынан кабар берет", - деген Масалиев. Мындай талкуулардан кийин Жогорку Кеңеш “Экс-президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушун колдогон. КСДП партиясынын катчылыгы мыйзамдын артка иштөө күчү болбосун эске салып, "Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу мүмкүн эмес. Депутаттын сунушу - абсурд", - деген. Көп өтпөй депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, ал май айынын соңунда коомдук талкууга коюлган. Буга улай 31-майда өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаев экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну жалпы эл тарабынан чечилүүсү туура экенин айткан. "Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси кошумча иштеп чыгууга муктаж. Чечимди Жогорку Кеңештин 120 депутаты же президент эле кабыл алып койбой, балким, референдум өткөрүү керек", - деген Сагынбаев. Депутаттар сунуш кылган мыйзам долбоорунда "экс-президент президент болуп турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт" деген бөлүгү мыйзамдан толук алынган. Аталган мыйзам долбоору 22-сентябрда катталган, эми жакынкы арада парламентте каралат. Соңку чечиминен улам бул мыйзам долбоору кайрадан толукталышы мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин катчысынын сөзүнө караганда, Жээнбековдук бийлик "экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу" лозунгу менен референдум аркылуу Баш мыйзамды өзгөртүүнү көздөп турган өңдүү...

Кытайдан келчү туристтик топторго визасыз тартип киргизүү боюнча депутат Махабат Мавлянованын идеясы күндүн негизги темасына айланды. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул сунушуп айтып, себептерин атады. "Дүйнө жүзүндөгү туристтердин 30 пайызын Кытай жарандары түзөт. Кыргыз мамлекетинин туристтик даремети күчтүү, бирок биз анын 10 пайызын дагы колдонбой жатабыз. Орусия жана Казакстан туристтик топтор менен 15 жылдан бери визасыз тартипте иштешип жатат. Биздин Миграция кызматына жана УКМКга суроо бергенде алар туристтерди бул жакта калып калуучу жарандар же кылмышкерлер катары көрүшөт экен", - деди Мавлянова.

Бул маселе коомдук пикирди эки жакка бөлдү. Депутаттын идеясына каршы чыккандар да, колдогондор да бар. Мунун негизинде SUPER.KG порталынын Күнсоболуна жооп берген депутаттардын бири Исхак Пирматов кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизүү таптакыр өлкө кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты. Депутат Данияр Төлөнов да Кытай менен визасыз режим киргизилбеши керек деген позицияны билдирип, жүз миңдеген Кытай жараны өлкөгө отурукташып калышы мүмкүн экендигин белгиледи. Ал эми Мавлянованын сунушун колдогон депутат Кожобек Рыспаев кытай туристтери виза менен кирип, кайра чыгып кетишсе, коркунуч болбой турганын айтты.

Депутат Мавлянованын Кытайдын миллиондогон туристтери башка мамлекеттердин бюджеттерине чоң салым кошууда дегени чын. Мисалы, 2017-жылы АКШ Түштүк Кореянын аймагына ракетага каршы комплексин киргизгени жатканда Пекин буга жооп катары өз туристтерине Кореяга барууга тыюу салган. Мындан улам Кореянын туризм индустриясы болжол менен 4,5 миллиард доллар зыян тарткан, анткени Кытай жарандары чет өлкөлүк туристтердин дээрлик жарымын түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз жергесиндеги бир топ стратегиялык объекттер кытай насыясына кытай компаниялары тарабынан салынган жана салынууда. Жүздөгөн кытай жумушчуларын жолдорду курууда, кен иштетүүдө көрсө болот. Эгер Махабат Мавлянованын оюндагыдай, миңдеген кытай туристтери чын эле Кыргыз жергесинин жаратылышына суктанып мыйзамдуу келип көрүп кетишсе, албетте, өлкөнүн экономикасы үчүн зор салым болмок. Бирок смартфон өңдүү буюмдардын мыйзамдуу ташылышын жөнгө сала албай жаткан мамлекеттик кызматтар Кытай туристтеринин өлкөгө кирген соң учурунда чыгып турушун көзөмөлдөй алабы? Мамлекеттик мекемелердеги коррупция, шалаакылык, жоопкерчиликсиздик турист катары кирген Кытай жарандарынын өлкөдө калып калышына ыңгайлуу шарт болуп берсечи?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан