"ТИМдин коррупциялык сырлары". Эми бул тууралуу "Дело№..." гезитине учурдагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси айтып берди!
“Бардык жолдор Римге алып барат”, - деп айтышчу илгери. Бүгүнкү Кыргызстанда болсо бүт жолдор... Тышкы иштер министрлигине алып барат деген ой жаралат. Биздин гезит августтун аягынан бери жазып келе жаткан Кыргыз дипломатиясынын көшөгөсүнүн арты тууралуу теманын суушуна турмуш өзү жол бербей жатат. Өткөн аптада Сеул аэропортундагы мас чиновник менен болгон эсти оодарган жаӊжал кыргызстандык таптакыр башка мекеме – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тиешелүүдөй сезилген. Бирок бул “жол” да ТИМге алып барды! Кезектеги жаӊжал социалдык өнүктүрүү министринин мас орун басары Зууракан Каденованын чуусун да басып өттү. Ошол маалда Бишкекте болгон Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан (Султанов) пресс-конференция берип, Сеул аэропортундагы окуя тууралуу гана эмес, Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү коррупция тууралуу да айтып чыкты. Негизинен – Кылычбек Султан мурда жетектеген Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчилигиндеги иштер тууралуу. Муну менен дипломат ТИМдин дагы бир жагымсыз сырын ачты.
ТИМ тарабынан өч алуу көп күттүргөн жок. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кылычбек Султанды Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу тууралуу президентке сунуштама киргизди. ТИМ өзүнүн расмий билдирүүсүндө элчи Султанды дагы бир жолу “мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин, ошондой эле дипломатиялык этиканын элементардуу нормаларын бузду" деп айыптады. Аны менен бирге Кылычбек Султанга компроматтар бар экенин, аны “тийиштүү органдарга” бериши мүмкүн экенин кыйытты. Мындан бир ай мурун биздин гезит өзүнүн макалаларынын биринде Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө кесипкөй эмес адамдар иштеп жатат деп Тышкы иштер министрлигин сындаган. ТИМ өзүнүн “төгүндөөсүндө”: "мурдагы гезит чыгаруучу Кылычбек Султан (саясий негизде кызматка дайындалган башкалар сыяктуу эле) өз ишин жетиштүү деңгээлде аткаруу жөндөмүнө жана сапатка ээ" экенин ишенимдүү түрдө билдирген.
ТИМ башчысы Абдылдаев кызматкерлери жөнүндө өзүнүн көз карашын ушинтип эле опоӊой өзгөртө калат экен!
Биздин редакция Бишкектен Сеулга кайтып барган элчи Кылычбек Султан менен байланышты. Биз дипломатка кырдаалды түшүндүрүп берүүнү жана көпчүлүктө жаралган суроолорго жооп берүүнү сунуштадык. Кылычбек Султан макул болду. Маек учурунда элчи толгон токой ачылыштарды айтып берди.
МАС ЧИНОВНИКТИН ЖАҢЖАЛЫ: ЖАЛГАН АРТЫНАН ЖАЛГАН!
- Келиӊиз, дароо эле ачыктоо киргизели: Сеул аэропортунда чиновник менен болгон окуя учурунда сиз кайда элеӊиз?
- Ал учурда мен Кореяда эмес элем, Бишкекте болчумун. Окуя 22-сентябрда болду, а мен Бишкекке 19-сентябрда учуп баргам.
- Кандай максатта?
- Кадр маселелерин чечүү үчүн. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин консулдарынын бири иштен кеткени жаткан, анын ордун толтуруу керек эле. Дагы бир кызматкерибиз соттук процесске катышуу үчүн Бишкекте жүрөт: ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыз паспорт берген деп айыптап жатышат.
- Токтой турсаӊыз, сиз элчиликтин Үчүнчү катчысы Акмарал Байчерикова тууралуу айтып жатасызбы?
- Ооба, сиздердин гезиттин өткөнкү санында ал тууралуу макала жазылган. Мен Байчерикованы эч нерсеге айыптай албайм жана ага эч каршылыгым жок, бирок... алты айдан бери ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салынып, Бишкекте жүрөт. Ал иштебей жүрөт, ал эми анын Сеулдагы батири (элчилик ал үчүн айына 1000 доллардан төлөйт) бош турат. Мен Байчерикованы убактылуу болсо да чакыртып алып, ордуна башка адам берүүнү сунуштагам – анткени элчиликте жумуш көп. Эгер кызматкер тергөөдө жүрсө, ал эми анын ордуна эч ким келбесе, бул элчиликтин ишин артка тартат. Бирок ТИМ бул маселени чечкиси келбей жатат: соттун чечими чыга электе Байчерикованы чакыртып алууга укугу жок экен. Бизде сот иштери жылдап созулушу мүмкүн. Соттук процесс качан бүтөрүн алар кайдан билмек эле? Эмне үчүн бул орунду Байчерикова үчүн кармап туруш керек? ТИМ жөнөкөй маселени чече албайт же чечүүнү каалабайт! Дагы бир кызмат оруну министр Абдылдаевдин “капризинин” айынан бош турат. Корея тарап “Корея – Борбордук Азия” форумунда Кыргызстандын өкүлү үчүн бизге жумуш орун берүүгө даяр, 3 миӊ доллар айлыгы менен! Атүгүл анын жол кире жана Кореяда жашоо чыгымын төлөйт. Мен Экономика министрлигинен же Инвестицияларды коргоо жана алдыга жылдыруу агенттигинен бирөөнү жиберүүнү сурандым, анткени өкүлдүн иши Кыргызстанда Корея менен экономикалык долбоорлорду алдыга жылдырууга байланыштуу болот. Бирок бул өкүл ТИМден болот деп министр Абдылдаев эбак чечип, талапкерин тандап коюптур.
- 3 миӊ доллар – аз эмес маяна. Бул жумушта ТИМдин өкүлүнөн жыйынтык аз болот деп эсептейсизби?
- Мен жумуштун эффективдүүлүгү тууралуу ойлодум. Анткени бул форумда экономикалык долбоорлор каралат, ошондуктан тийиштүү мекемеден өкүл берүүнү сурадым. ТИМдин кызматкери менен инвестиция-экономика боюнча адис – бул таптакыр эки башка деӊгээл. Мисалы, Өзбекстандын ТИМи өз өлкөсүнөн Соода-өнөр жай палатасынан өкүл жиберди. Мени менен талапкерди эч ким талкуулаган жок. Ушундай маселелерди Бишкекте чечким келген. Премьер-министр, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү менен сүйлөшүү жүргүзсөм дегем.
- Анан ишке аштыбы?
- Жок. Тышкы саясат бөлүмү президенттин АКШга сапарынан бошогон жок. ТИМдин кадрлар бөлүмүнөн мага талапкер боюнча маселе чечилип калганын, министр Абдылдаев болсо АКШга учуп кеткенин айтышты. Премьер-министр менен да чечүүгө болбоду - ал ТИМдин ишине кийлигишип, президенттик аппарат менен атаандашып жаткандай көрүнгүсү келген жок окшойт.
- Анан чиновник Зууракан Каденова менен жаӊжал чыкты... Сиз бул окуя тууралуу кантип билдиӊиз?
- Мага Сеулдан биздин консул чалды. Аэропортто Кыргызстандын жараны менен маселе жаралганын, анын дипломатиялык паспорту бар экенин айтты. “Эйр Астана” авиакомпаниясы биздин дипломаттардан бул жаранды алып кетүүнү абдан суранды. Полициянын арыздарды каттоо журналында мындай мазмундагы маалымат жазылыптыр: Каденова катуу мас абалында болгон жана учакка жүргүнчүлөрдү отургузган учурда кусуп жиберген. Экипаждын командири жүргүнчүнү каттамдан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал учактан чыгуудан баш тарткандыктан авиакомпания жардам сурап полицияга кайрылган.
- Сиз кандай чара көрдүӊүз?
- Консул чалган соң биринчи кезекте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен байланышууга аракет кылдым. Себеби Зууракан Каденова социалдык өнүктүрүү министринин орун басары эле. Орун алган окуя боюнча маалымат берип, кийинки кадамдарды тактайын дегем. Премьер менен байланышууга мүмкүн болгон жок – ал Нарында жүргөн экен. Андан кийин телефон аркылуу өзүбүздүн кызматкерлерге аэропортко барууга тапшырма берип, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен байланышуу жолдорун издей баштадым. Акыры аны менен байланыштым.
- Сиздин чалууӊузга министр Исакунова кандай жооп кылды?
- Өзүнүн орун басары Каденованы Кореяга жөнөткүсү келбегенин, бирок ал эмгек өргүүсүнө чыгып алып, баары бир кетип калганын айтып баштады. Мен эреже боюнча Каденованын диппаспорту кадрлар бөлүмүндө сакталышы керектигин – аны ал эмгек өргүүсү учурунда жанына алып жүрүүгө укугу жок экенин айттым. Кыскасы, Исакунова аябай кабатыр болуп жатты...
- Тынчсызданбагандачы... Аягында ал өзү дагы Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөгө сапарлары тууралуу жаӊжалдын чок ортосунда калды. Баса, эмгек өргүүдөгү Зууракан Каденова Сеулда 20 күн бою эмне иш бүтүргөнүнөн кабарыңыз барбы? Ал (эгер ага ишенсек) эмне болгон миллион долларлык долбоорду ишке ашырмакчы болуп жатты эле?
- Кабарым жок. Долбоорлор боюнча бардык сүйлөшүүлөр жөнүндө, эрежеге ылайык, элчиликти кабардар кылышат. Бул сүйлөшүүлөр тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес. Каденованы кабыл алган ошол түштүк кореялык уюмдан мага кабарлашкандай, эч кандай миллион долларлык долбоор тууралуу сүйлөшүү болгон эмес. Андай сүйлөшүүлөр таптакыр башка форматта жүргүзүлөт.
- Демек, бул дагы жалганбы?! А негизи эле министрдин орун басары Каденованын Сеулга келгени тууралуу Кыргызстандын элчилиги билгенби?
- Жок, бизге бул жөнүндө кабарлашкан эмес. Каденованын Кореяга келгени тууралуу биз аэропорттогу жаӊжал чыкканда гана билдик.
- Эсиӊиздеби, сиз социалдык түйүндөрдө кыргыз дипломаттары чиновниктер үчүн "нянька" болууга туура келип жатканын нааразычылык менен жазгансыз? Эмне – чиновниктер тез-тезден барышабы? Мындай иш менен көп алектенүүгө туура келеби?
- Конституциялык палатанын төрагасы менен болгон окуя мага жетиштүү болуп, чиновниктерге мындай өңүттө кам көрүүнү токтотком.
- Эмне болгон окуя?
- 2016-жылы мен Малайзияда элчи болуп турганда бизге Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы – Эркин Мамыровго көмөк көрсөтүү боюнча борбордон көрсөтмө келди. Кечки саат 10до Мамыровду (ал өзүнүн коштоп жүрүүчүлөрү менен Малайзия аркылуу учмак) тосуп алып аэропортко жакын жердеги мейманканага жайгаштыруу үчүн элчиликтин айдоочусу менен аэропортко жөнөдүк. Түнкү саат 1де алар Индонезиядан учуп келишти. Мамыров бизден Куала-Лумпурду, атактуу эгиз мунараларды көрсөтүүнү талап кыла баштады. Алпарууга туура келди. Аэропорттон шаарга чейин 1,5 сааттык жол. Куала-Лумпурга биз түнкү саат 3тө келдик. Мен үйгө кеттим, Мамыровдон айдоочуну коё берүүнү суранып: ал эртеӊ иштеши керектигин, чала уйку болуп жол кырсыгына кабылышы мүмкүн экенин айттым. Эч ынабады! Айдоочу аны менен таң аткыча убара болуптур. Бул жерде, Кореяда, мен эми мындайга жол бердирбейм. Биздин дипломаттар буга абдан ыраазы. Каденова менен болгон аэропорттогу окуя – өзгөчө. Бул жерде “бала багуучу” болууга туура келди.
- Бишкектеги маалымат жыйында сиз Каденова менен болгон окуяны ачыкка чыгарбоону суранып (же буйрук кылып) президенттик аппараттан чалышканын айттыӊыз. Президенттин пресс-катчысы муну төгүндөдү. Сизге конкреттүү түрдө ким чалды?
- Бул маалыматты мен президенттин жеке өзүнө гана жеткирүүнү каалайт элем.
- Баары бир тактайлы: бул президенттик аппараттын башчысы эмеспи?
- Жок, ал эмес.
СТУДЕНТТИ ДИПЛОМАТ КЫЛЫШТЫ...
- Эмне үчүн Каденованын ызы-чуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүүнү чечтиӊиз?
- Дал келген окуя болуп калды. Ырас, бул жаӊжал тууралуу маалыматты президенттен жаап-жашырууну каалап жатышса, демек мен буга чейин мамлекет башчысына жеткирүүгө аракет кылып жүргөн маалыматтарды да так ушундай эле жашырып жатышат деп ойлодум. Өлкө башчысына маалымат жеткирүүнүн акыркы жолу - жалпыга маалымдоо каражаттары гана калды.
- Сиз Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигиндеги коррупция жөнүндө маалыматты айтып жатасызбы?
- Ооба. Бул тууралуу мен ушул жылдын апрелинен бери президенттик аппаратка кайрылып келдим. Акыркы жолу августта жазгам.
- Сиз Малайзияга элчи болуп 2 жолу: 2014-жылы жана 2016-жылдын аягында дайындалдыӊыз. Элчиликтеги коррупцияны Малайзиядагы биринчи сапарыӊыз учурунда таап чыктыӊыз беле?
- Кайсы бир бөлүгүн – биринчи сапарымда, дагы бир бөлүгүн – экинчисинде. Экинчи жолкусунда менин кызматым элчи эмес, Кыргызстандын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү болчум.
- Конкреттүү түрдө эмне жөнүндө жазган элеңиз?
- Биринчиден, Куала-Лумпурдагы элчиликтин кызматкеринин Малайзия жаранынан акча талап кылганы тууралуу.
- Эмне үчүн талап кылган?
- Элчиликте риелтор болуу укугу үчүн.
- Элчиликке риелтордун эмне кереги бар?
- Мисалы, элчиликтин кызматкерлерине ижарага батир керек. Өз алдынча ыңгайлуу сунуштарды табуу кыйын. Риелтор менен кызматташууга туура келет.
- Элчиликтин кызматкери риелтордон ири сумма талап кылганбы?
- Алгач 1,5 миӊ доллар сурап, андан кийин 300 долларга токтолушуптур. Ал жаран ушул маселе боюнча мага биринчи сапарым учурунда эле кайрылган. Мен аныктаган дагы бир факт, кыргызстандык бир студент кандайдыр бир жолун таап, дипломатиялык паспорт алууга жетишкен...
- Студентпи?
- Ооба, студент. Ал 2014-жылы Малайзияга келип, Кыргызстандын элчилиги Малайзиянын тышкы иштер министрлигине кат жазган - бул студентке дипломатиялык виза жана дипломаттын картасын берүү үчүн өтүнүч келтирип. Мындай укук ал кызда жок болчу. Анын дипломат болуп дайындалганы жөнүндө ТИМде эч кандай буйрук болгон эмес. Ага алынып берилген документте көрсөтүлгөн кызмат (менимче пресс-атташе болсо керек эле) элчиликтин штаттык курамында болгон да эмес.
- Демек, бул Кыргызстандан башталып Малайзиядан аяктаган мыйзам бузуулардын бүтүндөй бир чынжырыбы?
- Ошондой го. Эми “Мерседестин” тарыхы...
ЭЛЧИГЕ ТИЕШЕЛҮҮ НОМЕРЛҮҮ АВТОУНААДА... КИМ ЖҮРГӨНҮ БЕЛГИСИЗ!
- Бул окуя 2016-жылы апрелде, менин биринчи сапарым учурунда калкып чыкты, - деп сөзүн улантат элчи Кылычбек Султан. - Полициядан биздин элчиликтин автоунаасы жолдо жүрүү эрежесин бузганы тууралуу айып төлөө баракчасы келет. Фотосүрөттө – Кыргызстандын элчилигинин номуру менен “Мерседес” турат. Бирок биздин элчиликте андай унаа жок эле. Бул тууралуу биз Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине жаздык. Белгисиз бир шумпай биздин номурду жасап алып пайдаланып жүрөт деген божомолдор да болду. Бирок ал автоунаа Малайзиянын ТИМинде да биздин элчиликке таандык унаа катары катталыптыр! Бул абдан шектүү көрүндү. Аталган автоунаа абдан кымбат – баасы жергиликтүү валюта менен 100 миӊ доллардан жогору турган.
Биз бул тууралуу Кыргызстандын ТИМине маалымдасак, унааны тезирээк малайзиялык каттоодон чыгарууну талап кылышты. Бирок аны кантип кылабыз? Унааны каттоодон чыгаруу үчүн, биз аны сатышыбыз керек. Аны сатуу үчүн ал унаа бизде болушу керек! Кийин малайзиялык риелтор акча талап кылды деген кызматкердин (ал кызматкер бул окуядан 1 жыл мурун которулуп кеткен) кагаздарынын арасынан бул “Мерседеске” тиешелүү каттарды таптык. Элчиликтин ал кызматкерге чейинки башка дипломаты элчиликтин атынан Малайзиянын ТИМине Ноталарды жазып, унаа элчилик үчүн сатып алынганын, ага дипломатиялык номур берүүнү сураныптыр. Малайзиянын бир жаранынын наамына жазылган, ал Кыргызстандын элчилигинин айдоочусу деген маалымкатты да таптык. Андан кийин да бул автоунаа жол кырсыгына кабылганы жөнүндө бир нече билдирүүлөр (алардын айрымдары элчиликке мага чейин келген) табылды.
- Демек, сиздердин дипломатиялык номур тагылган “Мерседесте” кайсы бир малайзиялык жүргөнбү? А сиздердин кызматкер аны элчиликке каттатып койгонбу?
- Ооба.
- Бул алдамчылыктын маӊызы эмнеде?
- Маӊызы – ири акчаны үнөмдөө: дипломатиялык өкүлчүлүк үчүн сырттан киргизилген автоунаа бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Ал эми дипломатиялык номур унаанын ээсин ашыкча жагымсыз окуялардан куткарат. Аталган унаанын номуру унаада Кыргыз элчиси өзү же анын орун басары жүргөндөй таасир калтырат.
- Сиз алдамчылык боюнча Малайзия полициясына арыз менен кайрылган жоксузбу? Алдамчылыкка Малайзиянын жараны жана сиздердин мурдагы кызматкер аралашып жатпайбы.
- Ошентейин дегем. Бирок Кыргызстандын ТИМи уруксат берген жок. Жогоруда айткандай, унааны каттоодон чыгарууну Бишкектен буйрук кылышты. Андан кийин мен Малайзиядагы элчилик кызматыман отставкага кеттим. 2016-жылдын аягында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун өтүнүчү менен убактылуу өкүл болуп Куала-Лумпурга кайтып бардым. Мен жокто ошол эле Малайзия жараны ал унааны элчиликтен сатып алды болуп каттоодон чыгарылып калыптыр. Мен ошол малайзиялыктан жок дегенде түшүнүк кат жаздырып алайын деп, бирок ага жете алган жокпуз. Анын үстүнө Малайзияда ал окуянын тегерегинде маселе көтөрүүгө биздин ТИМ тарабынан уруксат берилген эмес.
- А Кыргызстанда бул жагымсыз маалыматка эч ким кызыккан жокпу?
- Малайзияга УКМКнын кызматкерлери барды, Кыргыз элчилигинен кайсы бир документтерди алып кетишти. Кыргызстандын ТИМинен комиссия барды. Мен кимге гана кайрылган жокмун! Бул бүтүндөй эпопея болду... Бирок 2 жылда иликтөө ордунан жылган жок. Акырында Кыргызстандын президентине түздөн-түз маалымат жетмейинче иш ордунан жылбай турганын түшүндүм, – деп сөзүн жыйынтыктады Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан.
Вадим Ночевкин
3.10.2018-жыл
Маек "Дело№..." гезитинен которулуп берилди