Xiaomi компаниясы суу өткөрбөй турган кагаздан күрмө жасап чыгарды

Xiaomi компаниясы суу өтпөй турган кездемеден жасалган күрмөлөрүн презентациялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, күрмө DuPont кагазынан жасалган. Аталган кагаз медицина тармагында жана космостук өндүрүштө колдонулат. Ал башка кездемелерден жасалган кийимдер менен кошо оңой жуулуп, суу өткөрбөйт. Компания билдиргендей, аталган күрмөлөр -73 градус сууктан +100 градуска чейинки ысыкты көтөрө алат.

Uleemark DuPont күрмөсү кара жана ак түстө чыгарылат, жеткиликтүү баасы 66 доллар. Сатыкка аталган күрмөлөр 11-ноябрдан баштап чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2018-10-05 08:03:04
Арзан экен го бизге келеби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан