Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 1994-жылдан бери алгачкы жолу "Forbes" журналынын тандоосу боюнча, АКШлык жарандардын ичинен дүйнөдөгү эң бай адам аталган жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Forbes" журналы жарыялаган маалыматка ылайык, 1-орунга "Amazon" компаниясынын башчысы Жефф Безос чыккан. Анын байлыгы 160 миллиард долларга жеткен. Ал эми өзүнүн 97 миллиард доллары менен Гейтс 2-орунду ээлеген. Ал эми ишкер Уоррен Баффет 88 миллиард 3 миллион доллары менен 3-орунга жайгашкан.
Алдыңкы бештикке Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг (61 миллиард доллар), жана "Oracle" компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон (58 миллиард 4 миллион доллар) кирген.