Кытайда көчө тазалаган кызматкер таштанды салуучу челектен таап алган 150 миң юань акчаны ( болжолу 1,4 миллион сом) ээсине кайтарып берип, сүйүнчүсүн алуудан баш тартты. Бул тууралуу жергиликтүү South China Morning Post басылмасы жазды. Ли Ман аттуу тазалык кызматкери Хайнань аралынын Хайкоу аймагындагы көчөлөрдүн биринде тазалоо иштерин жасап жүрүп, эртең менен бир баштык акча таап алган. Табылга оор болгондуктан, Ли Ман кызыгып аны ачып көрүп, 100 юандык банкнотторду көргөн.
"Мен акчанын ээси баштыкты байкоосуздан ыргытып алган деп ойлодум. Ал жоголгон акчасына аябай кабатырланып жатса керек да. Ошол себептен аны ээсине кайтарууну чечтим", - деген кызматкер.
Ал табылганы жакынкы милиция бөлүмүнө алып барган. Укук коргоо кызматкерлери акча менен чогуу салынган дүмүрчөктөрдүн арты менен иликтөө жүргүзө башташкан. Издөө жана акчаны кайтарып берүү иштерине 2 сааттай убакыт корогон. Жыйынтыгында бир баштык акчанын ээси жергиликтүү ишкер болуп чыккан.
Белгилүү болгондой, ишкердин кеңсесин жыйнап-тазалаган кызматкер баштыктын ичинде таштанды бар экен деп ойлоп аны таштанды салган челекке ыргытып салган. Ал эми акчанын ээси аны кайтарып берген таштанды тазалоочуга 20 миң юань (200 миңдей сом) акчаны сыйлык үчүн сунуштаган. Бул акча кызматкердин орточо эсеп менен 1 жылдык айлыгын түзгөн. Бирок ал бул ишти милдети катары баалап, "сүйүнчүнү" алуудан баш тарткан.
Окуя интернет тармактарында желдей тарап, Ли Манды "асыл киши" деп атап алышкан. Муну менен катар анын айлык акысына кызыгышкан. Анын чакан аймакта алган айлык акысы жылына 45,5 миң юандан (440,5 миң сом) айланарын эсептеп чыгышкан.