Улуу Британияда 4 мектепти коркунучтуу жөргөмүштөр каптады

Улуу Британиянын борбор шаары Лондондо жөргөмүштөрдүн айынан 4 мектеп убактылуу жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лондондун Ньюэм районунда төрт мектепти жөргөмүштөр каптап кеткен. Мектептердин жетекчилери убактылуу окууну токтотууну чечишкен.

"Окуучулардын коопсуздугу биз үчүн эң башкысы. Ыңгайсыздык жаратканына карабай балдарыңарды мектепке алып келбей тургула. Жакынкы арада маселени чечүүгө аракет кылабыз", - деген билдирүү окуучулардын ата-энелерине келген.

Мектептерди каптаган жөргөмүштөр дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу жөргөмүштөрдүн бири болуп саналат. Аларды "алдамчы кара жесирлер" (ложные чёрные вдовы) деп атап коюшат. Азыркы тапта мекемелерде атайын адистер иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oscar
2018-10-05 13:16:02
Мына человек паук
+2
raykray
2018-10-05 15:22:46
Киного
0
Zhoro
2018-10-05 15:26:13
Эгер айтканынардай вдова болсо смертельно кооптуу жайында чакса
+1
Jelezo
2018-10-05 22:36:00
Путин жөнөтсө керек
0
mister-maku
2018-10-07 00:51:14
Суротто жон эле бизде жургон жоргомушко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан