Кечээ, 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Веганын" аталган долбоорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок экенин билдирген.
Бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков журналисттерге билдиргендей, арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия “Маалыматтык системдердин коопсуздугу” компаниясынын даттануусун негиздүү деп аныктады. "Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети аталган комиссия чыгарган чечимди изилдеп жатат", - деди Озумбеков.
Белгилей кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 24-августта өткөрүлгөн сынак үзгүлтүккө учурап, 4-сентябрда кайрадан сынак уюштурулган. Сынактан орусиялык "Вега" радиоуктуруу концерни" компаниясы утуп чыккан. Вега" компаниясы биринчи лот боюнча 1 миллиард 125 миллион сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунуштаган.
"Коопсуз шаар" "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.