"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын АКШга сапары абдан чуулуу маселеге байланыштуу болгон", - деп бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Парламенттин комитетинде мен айткан маалыматтарды тастыктаган документтер Чек ара кызматынан жана башка мекемелерден келип жатат. АКШга жана Аргентинага премьер-министрдин уруксаты жок барган. Министр Таалайгүл Исакунова бул күндөргө эмгек өргүү алган", - деп жазды депутат.
"Бирок эң таң калычтуусу, ал АКШга сапары тууралуу премьер-министрге айткан жок жана сапардан кийин отчёт жазган эмес. А бирок бул сапар балдарды сатуу - багып алуу боюнча абдан чуулуу маселеге байланыштуу болгон", - дейт Касымалиева.
"АКШга болгон сапарынын жана Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугушуулардын жүрүшүндө АКШнын эл аралык агенттиктеринин жаңы жол-жоболору боюнча аккредитациялоонун маселелери талкууланган. Бул агенттиктер эл аралык багып алуу менен алектенет. Башка кызматкер отчётто алар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен аккредитацияны 6 айдан бери алган эмес" деп жазган", - дейт Касымалиева.
SUPER.KG порталы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын бул маселе боюнча пикирин чагылдырууга даяр.