Японияда Тажикстандын президентинин кортеждеги унаасы кырсыкка кабылды

Японияда Тажикстандын президентинин кортеждеги унаасы кырсыкка кабылды. Белгилүү болгондой, япониялык Fuji TV телеканалы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кортежи кабылган жол кырсыгы тууралуу видеону жарыялаган.

Жол кырсыгы 4-октябрь күнү Нагата аймагында болгон. Телеканалдын берген маалыматына ылайык, кортеждеги Мерседес үлгүсүндөгү унааны кичи автобус келип сүзгөн. Азыркы тапта кырсыктын чоо-жайы такталууда. Кичи автобусту үйрөнчүк айдоочу башкарып бара жатканы маалым болгон. Ошол эле маалыматтарда Тажик президенти бул жол кырсыгында эч кандай жабыр тартпаганы жазылган.

Айта кетсек, Эмомали Рахмон Японияга расмий иш сапары менен 3-октябрда барган. Бүгүн, 5-октябрь Тажик элинин президентинин туулган күнү. Ал 66 жашка толду.

Тажикстандын президентинин унаасы кырсыкка кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Respect.
2018-10-05 17:05:46
Автобус сбил, шайтанамана десе керек, Эмомали...
+8
Maks_shop
2018-10-07 02:29:44
Respect.,ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан