Дайынсыз болууда делген Интерполдун президенти Кытайда камакка алынганы айтылууда

Интерполдун президенти Мэн Хунвэй Кытайда камакка алынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Франциянын "Le Mond" гезитине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Интерполдун башчысы Кытайда жоголгон эмес. Ал камакка алынып, Пекиндин абагында сакталууда.

"Мэн Хунвэй Франциядан Кытайга 29-сентябрда кеткен. Ошондон бери анын кайсы жерде экени тууралуу маалымат жок. Жубайы анын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарды тастыктагандан кийин гана издөө иштери башталган. Кийин анын камакка алынганы тууралуу айтыла баштады. Мэн Хунвэйдин кармалышы Кытайдын таасирдүү адамдары менен болгон тирешүүгө байланыштуу болушу мүмкүн", - деп жазышат басылмалар.

Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 мамлекет кирет. Башкы кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.

64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун президенти болуп 2016-жылы шайланган. Ал Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары катары да иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kuba_502
2018-10-06 10:16:18
Интерполдун башчысын камакка алса кытайың кыйын экен эй
+22
rysik79
2018-10-06 10:29:50
Кытайдагы уйгурлар кутурушту эле кандай кылып жатышат. Ит корбогон кунду корсотуп жатышат го. Эми интерполдун президентин камап алышыптыр.
+7
Ayida
2018-10-06 12:17:14
rysik79,кутуруп не кылыптыр ?Сен эмне Кытайдын таламын талашып атасын
+4
Malik92
2018-10-07 06:58:11
Ayida,Кытайдын жеринде жашагандан кийин алардын законуна баш ийип жашаш керек.Бизде да ошондой болсо жакшы болмок.Акаев Кыргызстанды "Наш общий дом"-кылып кетти.Общий дом эмес эле общяга болуп калды.Кыргызстагда жашаган турк,кытай,уйгур,дунган,озбек,цыган,курд-баардыгы оздорунчо кыйын.Паспорт сатып алышып кылмышты жасашат.Кыргыздар жаман корунушот.
0
Syimyk.isaev
2018-10-06 10:53:39
Кытай дуйнону согушсуз басып алам дегенин уккам... Тынчылык эле болсунчу дуйнодо.
+7
Medina87
2018-10-06 13:25:01
Белгилуу козу ачык Нострадамустун айтуусу боюнча дуйнону кытайлар башкарып калат деп мен да интернеттен окугам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан