АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын экинчи саммитке даярданууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Помпео 7-октябрда аталган маселе боюнча Түндүк Кореяга барат.
"Помпео Түндүк Кореяга жасаган сапарында Ким Чен Ын менен жолугушат. Сүйлөшүү учурунда саммиттин убактысы жана өткөрүү жайы такталат. Саммитте негизинен Корей жарым аралындагы өзөктүк куралды кыскартуу маселеси каралат", - деп айтылат маалыматта.
Аталган саммит биринчи жолу ушул жылдын 12-июлунда Сингапурда болуп өткөн.