Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорудан улам 8-октябрга караган түнү 59 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жакындары тастыктады.
Белгилүү болгондой, Жумагулов онкологиялык оору менен жабыркап, бир канча жолу Түркиядан операция жасатып келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Султан Жумагуловдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары;
1993-1995-жылдары "Kyrgyzstan Chronikle" гезитинде баяндамачы;
1995-2000-жылдары "Асаба" гезитинин баяндамачысы;
2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген;
2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген;
2010-2013-жылдары "Азаттык-Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;
2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу;
2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
2017-жылдын ноябрь айынан бери маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеп келген.