Хабиб Нурмагомедовдун атасы: "Балам чектен ашты, мен аны UFC`ден да катуу жазалайм"

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов аны UFC`ден да катуу жазалай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Мушкердин атасы тартип баарынан жогору туруш керек деген пикирин билдирген.

"Мушкер октагондун ичинде каалаганын кылат. Бирок алты бурчтуктун сыртында аялдар, балдар бар. Мен баламдын жана анын командасынын кылган иш-аракетин чектен чыккандык деп эсептейм. Хабибди бул кылыгы үчүн UFC`ден да катуу жазалайм", - деп билдирген ал.

Кечээ, 7-октябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн беттеште Хабиб Нурмагомедов атаандашы, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен бет келип, 4 раундга созулган беттеште жеңишке жетишкен. Бирок беттештен соң Нурмагомедов анын дини, мекени, атасы тууралуу жаман сөздөрдү айткан Макгрегордун санаалашы Диллон Дэнисти октагондон ашып түшүп сабаган. Ал эми анын командасындагы адамдар Макгрегорго чабуул жасашкан.

Бул үчүн ал чемпиондук курдан жана ага беттеш үчүн берилчү акчадан ажырап калышы мүмкүн экендигин UFC`нин президенти Дэйна Уайт билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Shaa-82
2018-10-08 12:48:43
Башкасын билбедимго бирок атасы тууралуу жаман соз айтса чыдай албаса керек дейм. Ошончо кылганын бир ошосу жууп кеттида каап. Бул беттешти озу деле канча кутту, сабыр кылыш керек эле мне балээ оолугуп кеттиби акырында женип алып(((.
+15
Dembele84
2018-10-08 12:59:14
Как атасы катары жазалайм деп эл козуно айтып койду да.
+7
taalay25
2018-10-08 12:59:28
Чыдоонун да чеги болот! Бул каны бузук еврей чалыштар атайы провоцирует этиши толук мумкун
+14
Zaina
2018-10-09 04:40:29
taalay25,еврей чалыш, орус чалыш, [moderated], саяк, каапыр, киргиз. А озунду просто ангел сезет окшойсун.
-1
iryi1
2018-10-08 13:22:47
Катуу жазалаш керек. Жада калса кийин мушташтарга катыштырбаш керек.
-31
KOCMOC
2018-10-08 13:39:19
Макгрегордун 100дой маркетологдору бар деп уккам. Беттешке чейин эле кыжырына тийип, женгенден кийин да намысына тийип ушуга жеткиришти да. Октагондон ашып тушпой, кичине сабырдуу болгондо бул жениши ага канча аброй алып келмек. Эч ким эч нерсе дей алмак эмес
+1
bond02
2018-10-08 14:43:59
Хабиб мындай кучтуу беттешке чыга элек болчу да, женип алып озун кармай албай калды окшойт.
0
AIZAD
2018-10-08 15:08:35
bond02,дардандап кетти )) Даг
0
Mambet4444
2018-10-08 19:52:00
Силердин атанар жонундо жаман суйлосо эмне кылмаксынар. Чыныгы эркек Хабиб жасаганды жасамак
-2
toolos1982
2018-10-08 21:17:57
Эркек Хабиб эң жакшы кылды
-2
JaneEr
2018-10-09 01:02:41
Провакацияга алдырып койдуда.Душманы ичи куйуп ар нерсе деген атайын.
-1
kyialreal
2018-10-09 06:30:28
Просто Хабиб женишти которо албады. Тартип мусульмандардын UFCдеги жузу болуп мусульман атка дак тушурбосо эле болду. Кантседа озуно жарашпаган кылык кылды
-3
Ayida
2018-10-09 08:05:09
Атайын кылган буну алар.Динге асылсак чыдабайт деп атасына динине асылган .Жакшы кылыптыр мушкер Аллахдын дини учун урдунбу аны мен соз берем Аллах ырыскыны берет алчуу акчаны аласын чемпинодук курду дагы аласын ИншаАллах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан