КҮНСЕРЕП: Бир кагазга кол койгондордун тагдыры: Исаков абакта, Ахметова Ак Үйдө

Бүгүн, 8-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитети бүгүнкү жыйынын өлкөнүн тышкы карызын талкуулоого арнады. Алынган насыя, гранттар кантип иштетилип жатканы, карызды кайтаруу жолдору боюнча өкмөт маалымат берди. Учурда Кыргыз Республикасынын жалпы карызы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт. Мунун 45 пайызы Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан алынган. Ички карыз 600 миллион доллардын тегерегинде. Бул акчалар жогорку чыӊалуудагы "Датка-Кемин" электр чубалгысын куруу, Бишкек ЖЭБин жаӊылоо, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салуу өӊдүү иштерге жумшалды.

Мына ушул “жумшалды” деген сөз учурда ар бир ири долбоор боюнча тыкыр иликтөөнү талап кылып турган кези. Карызга, үстөгү менен алынган акчалардын уурдалганы, максаттуу пайдаланылбагандыгы ал насыяны алуудагы бийликтин жакшы максаттарына көлөкө түшүрүп турган кези. Бишкек ЖЭБине жумшалды деген 386 миллион доллардын таржымалы буга далил. Энергетиктер "Датка-Кемин" чубалгысынын ишке берилишин - мурдагы бийликтин жакшы иштеринин бири деп айтып жүрүшөт. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө таянсак, 2015-жылга чейин Кыргыз өлкөсү Токтогул ГЭСи өндүргөн электр энергиясын транзит аркылуу өткөрүп бергени үчүн Казакстан менен Өзбекстанга жыл сайын 8-10 миллион доллар төлөчү. 4 жылдан бери аталган ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясы өлкөнүн түндүк бөлүгүнө “Датка-Кемин” чубалгысы аркылуу жеткирилүүдө. Буга чейин Казакстан менен Өзбекстанды аралап өткөн линияда авария болсо, Кыргыздын түндүк аймагы жарыксыз калуу коркунучу бар эле. Бүгүн жарыксыз калуу коркунучу минималдаштырылган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев айтып жаткан энергетикалык көз карандысыздыктын бир далили ушул. Ошентсе да, долбоорду ишке ашырууда Кытай насыясы кандай пайдаланылганын, уурулук болгон же болбогонун атайын кызматтар текшерип, аныкташы керек.

Расмий маалыматка таянсак, тышкы карызды төлөөнүн эӊ оор учуру 2023-2031-жылдарга туура келет. 2027-жылы эӊ ири сумма - 400 миллион доллар төлөнүүгө тийиш. Бул сумма азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн бюджетинин бештен бирин түзөт. Быйылкы жылдын бюджетинде карызды төлөөгө 190 миллион долларга жакын акча каралган. Көп жыл каржы-экономика министри болуп турган Акылбек Жапаров карыздарды колдонуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алыстатып, акчаны туура пайдаланган жок деп мурдагы өкмөт башчыларды күнөөлөдү. Жапаров учурда "Бир бол" фракциясынан парламент депутаты. Депутат Эльвира Сурабалдиева буга чейин алынган насыя, гранттардын кандай жумшалганын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталып жатканын айтат. Экономист Айылчы Сарыбаев өлкөнүн экономикасы көтөрүлсө, карызды саналуу айларда төлөп коюу мүмкүн, бирок көмүскө экономиканын башында туруп казынага салык түшүрбөй жаткан 120 депутат өзү деп эсептейт. Эксперт Азамат Аттокуров карызга алынган акчалар акча таба турган долбоорлорго жумшалышы керектигин белгиледи. Сындар гана айтылып, карызды төлөө жолдору тууралуу конкреттүү сунуш болгон жок. 2023-жыл алыс эмес. Карызды кайтарууга келгенде азыркыдай актануулар, сындоолор жардам бербейт.

Ойлондура турган жагдай - Кыргыз өлкөсү 27 жылда сырттан 7 миллиард доллар кредит, 3 миллиард доллар грант - жалпы 10 миллиард доллар жардам алып, бирок өлкөнүн экономикасына жөлөк боло турган ири завод-фабрика кура алган жок. Алынган карыздардын уурдалып кетишине, максатсыз жумшалышына "салым" кошкондор бүгүн элдин атынан сөз сүйлөп, өкмөткө акыл үйрөтүп отурушат. Абылгазиев баштаган өкмөт креслодо дагы канча сакталабыз деп өмүрүн саноо менен алекпи, айтор, чечкиндүү кадамдарды жасай албай жатат...

Дем алыш күнү Лас-Вегаста планетанын миллиондогон жашоочулары, анын ичинде Кыргыз жарандары да күткөн UFC 229 чемпиондугу боюнча ирландиялык Конор Макгрегор менен орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун беттеши орун алды. 1-раунддан тарта Нурмагомедов күчтүүлүк кылып, 4-раундда атаандашын моюндан кысып, муунтуу менен аны утулганын моюнга алууга аргасыз кылды. Бирок чыныгы шоу беттеш бүткөн соӊ башталды. Орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетти. Шоунун бир каарманы минтип элдин арасында мушташып жатканда октагонго Нурмагомедовдун жакын санаалаштары кирип барып, Макгрегор менен мушташууга жетишишти. Бул кадамын Нурмагомедов "ал менин динимди жана атамды кемсинтти" деп түшүндүрдү. Ошентип Нурмагомедов атаандашынын үстүнөн жеӊишке жетишкени менен накта чемпионго жарашпаган жоругу менен сынга кабылып, татыктуу жеңип алган чемпиондук курду көрүүчүлөрдүн алдында шаң менен алууга татыктуу болбой, полиция кызматкерлеринин курчоосунда “көшөгө артына” жиберилди.

Тосмодон ашып өтүүдө "тажрыйбасы" бар экс-депутат Камчыбек Ташиев өзүнүн интернет баракчасына "Хабиб өзүбүздөн экен го, тосмону ашып өтүптүр" деп тамаша пост жазды. Ташиевдин тамашасы көпчүлүк кыргызга жакканы менен көпчүлүк кыргыз күйөрмандык кылып сүрөөнгө алган Хабиб Нурмагомедовдун Лас-Вегастагы чыры мушкердин кечирим сурашы менен бүтпөсү анык болду. Чемпиондук курун сактап калганы менен Нурмагомедовго күйөрмандар алдында наамы тапшырылган жок. UFC'нин президенти Дэйна Уайт бул жагдайды жеӊүүчүгө "эгер сага кур тапшырсам, анда "толпа" сага чабуул коёт” деп түшүндүрдү. Болуп өткөн баш аламандык боюнча Невада штатынын атлетикалык комиссиясы иштеп жатат. Анын жыйынтыгы менен Нурмагомедов узак мөөнөткө беттештерден четтетилип, наамынан жана ага берилүүчү гонорардан ажыратылышы мүмкүн. Бул беттеш үчүн Нурмагомедовго 2 миллион доллар берилмек. Ал эми Макгрегор "реванштык беттешти күтөм, мен кайтып келем" деп билдирди. Хабиб Нурмагомедов жеӊил салмак категориясында UFC боюнча КМШ аймагындагы жалгыз чемпион. Кечээги беттеште жеңишинен соң эмоцияга алдырып мушташ чыгаруу менен Нурмагомедов Батыш жана UFC тымызын таңуулап жаткан “каардуу каармандын” ролун ийгиликтүү аткарып берди дегендер да чыкты. Экс-чиновник Максат Чакиев бул окуяда Нурмагомедов эмоцияга алдырып, UFC андан тымызын көксөгөн образды ийгиликтүү аткарып, өзүн жана өлкөсүн Батышка жаман көрсөтүп алганын айтып чыкты. Нурмагомедов ачууга алдырбай, чемпиондук курун алып жеңиш менен октагондон жылмайып гана түшүп кетсе, атаандаш тарапты сабагандан да жаман абалда калтырат эле деген пикирлер айтылууда...

Башкы прокуратура эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жана анын 2 орун басарынын сапарлары боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага таянсак, 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрына чейин министрлик жетекчилиги 26 жолу чет өлкөгө кызматтык сапар жасаган. Министр Таалайгүл Исакунова 9 жолу, анын орун басарлары Лунара Мамытова 3 жолу, Жылдыз Полотова 4 жолу, Зууракан Каденова 10 жолу сыртка чыккан. Башкы прокуратуранын маалыматында алар кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча отчёт беришкен эмес, эмгек өргүү маалында дипломатиялык паспортторду колдонушкан деп айтылат. Акыркы 2 жылда бул министрликте көзгө көрүнөрлүк жылыш, реформалар байкалбаганын эске алсак, бул саякат-сапарлардын Кыргыз өлкөсүнө пайда алып келгени күмөн. Ал эми сапарларга бюджеттен, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен да ири суммада каражат жумшалган. Каденова дипломатиялык паспортту жеке максатта колдонуп Иранга, Түштүк Кореяга барганы да аныкталганы жарыяланды. Аталган айым дал ушул Кореядагы сапарынан кайтканда Сеул аэропортундагы мамлекеттик кызматкерге туура келбеген жүрүм-туруму үчүн иштен айдалды. Бул чиновниктердин шектүү сапарлары тууралуу айтып чыккан депутат Аида Касымалиеваны министрлик "негизсиз айыптап жатат" деп күнөөлөп жаткан. Ал эми Башкы прокуратуранын жогорудагы билдирүүсүн Исакунова баштаган жетекчилик жалган дей алары күмөн. Элдин акчасына дүйнө кыдырып, премьерден колдоо таппаган сапарларга чыгып, дипломатиялык паспортту эмгек өргүүдө жүргөндө да пайдаланган чиновниктерге татыктуу жаза берилеби? Же бул жолу да эң чоң жаза – кызматтан алуу болуп калабы? Коомчулук бул окуянын кантип аяктай турганын күзөтүп турат...

Экс-премьер Сапар Исаковдун адвокаттары президенттик аппараттын бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованы суракка алууну өтүнүүдө. Бул тууралуу КСДП билдирүү жасады. Анда Исаковго президенттик аппараттын бөлүм башчысы кезинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге жазган кызматтык кат боюнча айып тагылганын, бирок ал катта эч кандай жеке кызыкчылыкты алдыга сүрөө жок экени айтылат. Партия ал катты даярдоого Исаков гана эмес, Ахметова да катышып, кол койгону атайылап эле көмүскөдө калып жатканына көңүлдү бурат. Чын эле Нурсулуу Ахметованын аталган иш боюнча суракка алынганы тууралуу маалымат жок. Адвокаттар "эгер Исаковго кызматтык каттын негизинде айып коюлса, анда тергөөчүлөр Нурсулуу Ахметовага да суроо бериши керектигин" айтып жатышат.

Айта кетсек, 2013-жылы Бишкек жылуулук электр борборун жаӊылоо алдында ал кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков президенттин атына кызматтык кат жазганы белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча бул катта Исаков кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн. Ал катка Исаковдун жана президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн ал кездеги башчысы Нурсулуу Ахметованын колу коюлган. Бирок ал кат үчүн Сапар Исаков гана кармалып, УКМКнын тергөө абагында сурак берүүдө, ал эми Ахметова Ак Үйдө, президенттин жанында. Кош стандарттуулукпу?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан