10:15. UFC 229. АКШ. Лас-Вегас шаары. Ирландиялык Конор Макгрегор менен орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун беттеши башталууда. Учурда аталган эки мушкерге чейинки беттештер болуп бүттү.
10:26. Учурда Макгрегор менен Нурмагомедовдун беттешке чейинки пресс-конференцияларын жана беттештерин видео аркылуу көрсөтүүдө. Ошондой эле мушкерлер кандай даярдыктардан өткөндүгү да көрүүчүлөргө тартууланууда.
10:30. Алгач октагонго ирландиялык мушкер чыкты. Макгрегорду мушташка чейинки акыркы даярдыктардан өткөрүшүп, октагон бурчуна тургузушту. Кезек Хабиб Нурмагомедовдо.
10:33. Хабиб Нурмагомедов октагонго карай бет алды. Ал ар дайымкыдай эле дагестандыктардын улуттук баш кийими менен беттешке чыгып бара жатат. Мушкерлер чыгып жатканда чоң экрандан өлкөлөрүнүн желектери көрсөтүлүп турду.
10:40. Мушкерлер тааныштырылып бүттү. Хабиб Нурмагомедов менен Конор Мекгрегордун буга чейинки беттештринин статистикасы айтылды. Залга толгон күйөрмандар беттешти жандуу сүрөп жатышат.
10:41. Беттеш башталды. Алгачкы эле чабуулду ирландиялык мушкер жасады. Хабиб Нурмагомедов болсо коргонууда турат.
10:42. Макгрегордун чабуулу ийгиликсиз аяктап, Нурмагомедов аны жыгытып алды. Ирландиялык мушкер адаттагыдай эле ачык чабуулдарга өтүүдө. Ал эми орусиялык мушкер күрөшүү ыкмасын колдонууга аракет жасап жатат.
10:45. Мушкерлер өз ыкмалары менен упай иштөөгө аракет кылып жатышат. Хабиб Конорду жыгытып алып, башына сокку урууга аракет кылып жатат. Ийгилик азырынча Хабиб тарапта. Ал Конордун колун кайрыууга аракет кылууда. 2-раунд аягына чыгайын деп калды.
10:50. Беттеш уланууда. Хабиб Конорду бурчка жыгытып алып, көпкө чейин ыңгайсыз абалда кармап турду.
10:52. 3-раунд аягына чыкты. Хабиб самбонун ыкмаларын пайдалануу менен Конорго ыңгайсыздык жаратып жатат. Октагондун бурчуна такап, сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө 70 пайыз Хабиб ээ болууда. Эки мушкер да чарчап баратат.
11:03. Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңди. Орусиялык мушкер өз ыкмасына салып ирландиялык мушкерди арттан муунтуп жеңишке жетти. Жыйынтыгында Хабиб чемпиондук курун сактап калды. Ал эми Конор 2-ирет UFC'де жеңилүү ызасын тартты.