Армениянын эң кирешелүү ишкери атайын иликтөө кызматы тарабынан кармалды

Армения өлкөсүндөгү эң көрүнүктүү ишкер Самвел Майрапетян камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Армениянын атайын иликтөө кызматы эң көп кирешелүү ишкерди кармаган. Ал өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочаряндын жакын адамы катары саналат. Ишкер эмне себептен улам кармалгандыгы тууралуу так маалыматтар жок.

Майрапетян - республикалык маанидеги H2 телеканалынын жана "Тойота Ереван" дистрибьютердик борбордун жетекчиси. Ошондой эле анын Ереван шаарынын борборунда ишмердүүлүк жүргүзгөн курулуш компаниялары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
555-777
2018-10-08 22:02:37
А бизде наоборот курулуш компаниялардын жетекчилери мэр комур магнаттын балдары спикер баягы баягы койчумандын таягы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан