Алматы шаарынын райондор аралык соту мурдагы шаар башчысы Виктор Храпуновго жана анын жубайы Лейла Храпуновага козголгон кылмыш иштери боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 8-октябрь күнү сот Виктор Храпуновду 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу тууралуу чечимин чыгарган. Ага "кылмыштуу топту түзүү жана аны башкарып, бир же бир нече кылмыштарды жасоо", "ишенип берилген мүлктү коротуу жана менчиктеп алуу", "Көз боёмочулук", "мыйзамсыз жол менен табылган акча каражаттарды легалдаштыруу", "кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу", "пара алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп табылган.
Ал эми анын жубайын Лейла Храпунованы сот 14 жылга эркинен ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Буга катар Храпуновдордун күйөө баласы 5 жылга эркинен ажыратылган.
Храпуновдордун үй-бүлөсү мамлекетке келтирген чыгымдын көлөмү 250 миллион доллардан ашат. Күнөөлүү деп табылгандар издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу сот аларды сырттан соттогон.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Харпуновдордун үй-бүлөсү азыркы тапта Швейцарияда жашайт.