КСДП фракциясы аталган партиянын саясий кеңешинин депутат Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу чечимин колдогон жок. Бул тууралуу 8-октябрда фракциянын катчылыгы тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка караганда, партиянын саясий кеңешинин чечимине фракциянын 26 депутаты "каршы" деп добуш берсе, 4 депутат колдогон. Калган депутаттар калыс добуш берген.
Окуянын чоо-жайы:
Кожобек Рыспаев 2018-жылдын 29-августунда КСДПнын саясий кеңешинин жыйынтыгында аталган партиянын катарынан чыгарылган. Тизмеден чыгаруу чечимине анын партиянын максатына каршы иш-аракеттери себеп болгон. Ошондой эле парламенттеги КСДП фракциясына Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардан, жумушчу топтордон, туруктуу делегациялардан, достук топтордон чакыртып алуу сунушталган.
Эл өкүлү өзү партиянын катарынан чыгып калганын КСДПны колдобой койгондугу менен байланыштырган.
28-сентябрда КСДП фракциясы Рыспаевди курамынан чыгаруу маселеси карап, бирок чечим чыгарган эмес. Фракция лидери Иса Өмүркулов Рыспаевди чыгаруу же чыгарбоо чечими кийинки жумада кабыл алынарын айткан.