Курулуш компаниясы менен кардарлардын ортосундагы так аткарылбаган келишим чырга айланды

Бишкектин Жал кичи районундагы 12 кабаттан турган 6/1 үйдүн тургундары “Аалам строй” курулуш компаниясынан батир сатып алып, бирок компания тарабынан укуктары тебеленип жатканын айтып даттанышууда. Компания алардын нааразычылыгына макул болгону менен, айрымдары акчасын толук төлөбөй келгенин жүйө келтирип жатат.

8-октябрь күнү эртең мененки саат 9да аталган үйдүн Алмаз Думанаев аттуу жашоочусу SUPER.KG’нин редакциясына кайрылды. Ал компаниянын кеңсесине жашоочулар арыз-муңун айтуу үчүн чогулуп жатышканын билдирди. Биз да кеңсеге кошо барган учурда 10дон ашык жашоочу топтолгонуна күбө болуп, тилекке каршы, алардын жана биздин суроолорубузга жооп берүүчү адамды жолуктура алган жокпуз.

Назира Жолдошева аттуу тургундун айтымында, бул үйдө учурда 119 үй-бүлө жашап жатканы менен газ жана унаа токтотуучу жайы жок. Курулуштун сапаты да эч бирин канааттандырбаганын айтат.

Үйдү сатып алуу учурундагы кардар менен компаниянын ортосундагы келишимге ылайык, газ 2014-жылы киргизилип берилери, курулуштун жер төлөсүнө унаа токтотуучу жай салынары көрсөтүлгөн. Учурда 6-7 үй-бүлөнүн муздак суусунун түтүктөрү компания тарабынан кыркылып, алар суусуз күн өткөрүшүүдө.

“Мен бул үйдүн 5-кабатынан 64 миң долларга 3 бөлмөлүү үй сатып алгам. Алгач 30 пайызын төлөп, кийин бөлүп-бөлүп төлөп келгенбиз. Келишимде жер төлөгө унаа токтотуучу жай салынып, суу, электр энергиясы жана газ бериле турганы көрсөтүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин унаа токтотуучу жай жер төлөгө эмес, жер үстүнө да салынып берилген жок. Газ дагы бериле элек. Газ орнотуп беришпегени үчүн мен 5 миң долларга жакын акчаны төлөбөй жаткам. Ага өчөшүп электр энергиябызды, суубуздун түтүктөрүн кыркып коюп жатышат. Бул кылгандары туура эмес да. Компания Станислав Байсалов аттуу юристине түртүп коёт. Анысы дагы ордунда жок. Башка учурда келсек, ал юристи бизди адам ордуна көрбөйт. Биздин акчабыз ашып жаткан жок да. Калган карызды төлөйбүз, болгону биринчи газ киргизип беришсин. Ансыз деле батирдин ичин оңдоого 20 миң доллар сарптадым. Тажаганымдан сатып жиберейин десем, өз ордуна кайра сата албайм”, - деди тургун Назира Жолдошева.

Аталган үйдүн дагы бир жашоочусу Асылбек Дүйшөкеевдин айтымында, компаниянын тургундарга кайра жасап берүүчү дагы бир топ иштери бар. Алар аткарылмайынча акча төлөнүп берилбейт.

“Эшик, терезелерди алмаштырып, газ киргизип берсеңер төлөйбүз” деп жатабыз. Келишимде биз акчаны өз учурунда бөлүп төлөп берип, булар 2014-жылы эле бүткөрмөк. Газ ошол учурга чейин коюлуп калыш керек эле. Бирок компания газ койбой койгон. Мен бул компаниянын дагы башка көп кабаттуу үйүнөн батир сатып алган болчумун, анда дагы газ жок. Төрт жылдан бери тамакты электр плитасына жасап келебиз. Үч фазалуу электр зымы киргизилген эмес. 100дөн ашык үй-бүлө ушинтип оокат кылып жаткандан кийин бир күнү чоң өрт чыгып кетүү коркунучу бар. Андан сырткары долбоордо үй кыш менен салына турганы көрсөтүлгөн. Бирок пеноблог менен салып коюшкан. Азыр дубалга эч нерсе иле албайсың. Мык каксаң илген буюмуңду көтөрө албайт”, - деди Дүйшөкеев.

Компаниянын каржы тармагын тейлеген Чыңгыз аттуу кызматкердин айтымында, нааразы болуп жаткандардын баары компанияга карызы барлар болуп жатат.

“Мен булардын маселесине жооптуу эмесмин. Бирок акыйкаттык үчүн айтып коёюн. Бул жерге чогулгандар - компаниядан карызы барлар. Үйдү салып баштаганда баары 30 пайыздан төлөп, чогуу каржылоого кошулушкан. Кийин бөлүп төлөп отуруп жалпы 44 адам төлөп бүтпөй калган. Баары биригип 336 миң 961 доллар карыз”, - деп жооп берди ал.

Дагы бир Жамал Курманалиева аттуу тургун компаниядан карызы жок болгону менен, 4 жылдан бери толук шарт түзүлбөй жатканына нааразы. Андан сырткары үйдүн сыртында жана чатырында маселелер бар.

“Мен дагы ушул компаниядан ар бир чарчы метр жерди 600 доллардан ашык акчага сатып алган. Азыр карызым жок. Бирок эмнеге мага толук шарт түзүлүп берилбейт? Сөзсүз эле сыртка казан асып оокат жасашым керекпи? Анын үстүнө үйдүн эшик, терезелеринин сапаты начар. Сырты улам көчүп отуруп, эки жолу сырдап кетишти. Анысы да болбой кафель чаптап кетишти эле, ал дагы көчүп түшүүдө. Үйдүн чатырынан суу агат, дубалдан жаракалар кеткен. Чатырдан аккан суу дубалдан агат. Анан дагы суу аккан каналдар орнотулган эмес. Кышында кар жааганда муз тоңуп, алдыбызга түшүп турат. Былтыр муз түшүп 3 машинаны талкалады. Компанияга кайрылсак, жооп болбойт”, - деп даттанды Курманалиева.

Алмаз Думанаев аттуу тургундун айтымында, компания ишти аткарууда көптөгөн кемчиликтерге жол бергендиктен акчаны толук төлөөдөн баш тартышкан.

"Келишим боюнча биз үй пайдаланууга берилгенге чейин төлөп бүтүрүп беришибиз керек. Бирок үй салынып жатканда бир топ кемчиликтер көрүнүп калды. Тактап айтканда, үйдүн жер алдындагы кабатына унаа токтотуучу жай салынмак. Долбоорду өз алдынча өзгөртүп, салбай коюшкан. Балдар аянтчасын сапатсыз салып коюшкан экен. Дубалдары көчүп кетип жатты. Ушундай кемчиликтерди көрүп толук төлөөдөн баш тарта турдук. Азыр эми газы жок. Акчаны алып алгандан кийин эч нерсе жасап бербей коюшса, кайда кайрылып, кимге арызданабыз?" - деди Думанаев.

 

Аталган үйдүн башка тургундары деле ушул сыяктуу пикирлерин кошумчалашты. Алардын көйгөйүн айтып кайрылууларынан кийин кайрадан компаниянын кеңсесине баш бактык. Ал арада компаниянын Бекболот Мукашов аттуу директору жогоруда аты аталган юрист Станислав Байсалов менен жыйын өткөрүп жаткан экен. Кезекке туруп алар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болду. Бирок компания тууралуу директор Бекболот Мукашовдон мурун юрист Станислав Байсалов жооп берди.

Ал үйдүн тургундары карызын толук бермейинче үй компанияныкы экенин жана каалагандай мамиле жасоого укуктуу экенин белгиледи. “Үйдү Мамэкотехинcпекция кабыл алган. Үй ордунда, жашап жатышат. “Газы жок үй кабыл алынбайт” деген мамлекеттик акт да жок. Азыр карызы барлардын үйү биздики болуп саналат, булар квартирант. Мыйзамда бизге өзүбүздүн үйүбүз үчүн жооп берүү каралган эмес. Үйдүн ээси - бизбиз. Келишим узак убакытка түзүлүп, акчасын этап-этабы менен төлөп турушу керек. Биз үйдү бүткөрүп колдоруна тапшырмакпыз. Бирок "үйүбүз жок, ичин оңдоп жашап туралы" деп суранышканда ачкычтарын тапшырып койгонбуз. Эми нааразы болуп жатышат. Андан сырткары жер төлөгө унаа токтотуучу жай салуу келишимде бар болчу. Бирок элдин макулдугу менен үйдүн жанынан унаа токтотуучу жай алганбыз. Азыр ага унааларын токтотуп турушат, бирок квартал сайын 30 миң сомдон акча төлөп жатабыз”, - деди Байсалов.

Андан кийин Бекболот Мукашов дагы газ киргизүүнүн убактысы созулуп жатканына түрдүү факторлор себеп болгонун кошумчалады. Анын айтымында, турак жай сыноо түрүндө курулгандыктан, газ киргизүү кечеңдеп келген.

“Биринчиден, буга чейин 12 кабаттуу үй курууга уруксат жок болгондуктан, биз сыноо түрүндө курганбыз. Анын шарттары да өзүнчө каралат. Газ киргизүү ошондон улам кечикти. Бирок биз келишимде газ киргизилет деп көрсөткөнбүз. Атайын техникалык шарт болбосо, биз газ куруларын киргизе албайбыз да. Ал учурда "Кыргызстан Газпром" ишканасы жаңыдан ишин баштап жаткан. Кийинки объектилердики өз орду менен кетип жатат. Бул үйдү биз 2014-жылдын кышында эки айга кечиктирип бүтүргөнбүз. Суусун киргизип бергенбиз. Ысык суунун акчасынын жарымын тургундар, жарымын биз төлөдүк. Кийинки жылы оңдоп кирип алабыз дегенинен баарына макулдук бергенбиз. Анан акча чогултуу кыйынга туруп калды. Ортодон башка долбоорлорго акча керек болот экен. Керек болгондо бергиле деп барабыз. Ал эми сууну карызды чогултуу үчүн кырктык.

Былтыр дагы ушундай окуя болуп 12 үйдүн жашоочусун сотко берип 10ун утуп алганбыз. Андан кийин улам акча чогултканыбыз менен керектүү иштерди жасап жатабыз. Ал эми үйдүн сыртындагы маселе боюнча айтсам, буга чейин кафелди клей менен чаптап чыксак, сыйрылып түшүп калган. Кийин профилге бекитип бергиле дешип, бекитип бердик. Бирок так ошондой кафель жок калгандыктан, иш үзгүлтүккө учураган. Азыр буюртма берип күтүп жатабыз. Ал эми газды карызды такташып алгандан кийин беребиз, ага чейин берилбейт. Юридикалык жактан алганда үйдүн документи бизде болгондон кийин, үй биздики болот. 100 пайыз акчасын төлөшсө, документтерди колдоруна беребиз”, - деди Мукашов.

Юрист Калыйнур Батыралиев компания долбооруна ылайык, газды өз убагында киргизип бериши керектигин белгиледи. "Газды киргизүү этабын иштин жүрүшүндө бүткөрүш керек. Ал эми тургундардын калган акчалары башка иштердин маселеси болуп саналат. Бул маселелер сүйлөшүү жолу менен бүтүшү керек. Эгерде сүйлөшүү жолу болбосо анда, сот аркылуу бүтөт", - деди ал.

Учурда нааразы болгон тургундар Башкы прокуратурага жана шаардык милицияга өз арыздары менен кайрылышканын айтышты.
Компаниянын аталган үйү жалпы 10 миң чарчы метрди түзүп, 119 батир курулган. Орточо эсеп менен алганда ар биринин чарчы метри 600 доллардан сатылган. Учурда компания ушул эле үйдүн жанына дагы 13 кабаттуу үй куруп жатканына күбө болдук. Үй бүтө электигине карабай, баары сатылган. Андан сырткары дагы башка жайларда 11-13 кабаттуу үч үй куруп жатса, анысы да бүтө электигине карабай сатылып кеткен.

Компания буга чейин "Проджэк" деп аталып келсе, кийин "Аалам строй" деп өзгөртүлгөн. Расмий сайтындагы маалыматка караганда, ал эл аралык компания катары көрсөтүлүп, Кыргыз жеринде 2012-жылдан тартып иш баштаганы белгиленген. 12 кабаттан турган 6/1 үй алардын алгачкы курулушу катары саналган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Frunze2
2018-10-09 16:03:16
Бул компания ачык эле зомбулук жасап жаткан экен. Уй биздики, каалагандай мамиле кылабыз, жашоочулар менен каалагандай суйлошобуз дейт го?! Атангору, копкондугун кара....

Ушундай сапатсыз буткон уйду мамэкотехинспенция кантип кабыл алды экен?!! Бийликте беделдуу "крышасына" таянып отурган копкон немелер экен...

Мындайларга кылмыш ишин козгоп камаш керек. Уйду кабыл алган мамэкотехинспенция кызматкерлерин дагы...

Эй Соке, каякты карап отурасын?!
+2
Arlenchik
2018-10-10 22:35:50
Шакалдар айтып аткандарын кара, ушундай сапатсыз курулган уйлорго уруксат берген мамэкотехинпекциянын кызматкерлерин да жоопко тартуу керек, паралана бербей токтотушсун, бул компаниянын ээси мелис дегендин крышасы сарпашев болуш керек, бирок убакта градиент фирмасын негиздеп чогуу иш кылышып, кийин болунушкон, ошол сарпашев партнерунун арты мн бутуруп журсо керекда, мамлекеттик кызматтарда иштеп журуп ал эргулда далай коррупциялык иштерди кылбадыбы, кытайларга паспорттон бери сатышып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан