ЭЛДИК КАБАР: "Таласта аткезчилик жол менен келген күйүүчү майлардын соодасы күч алды" дейт окурман

"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Талас облусунун аймагында аткезчилик жол менен алып келинген күйүүчү майлардын соодасы күч алды", - деп билдирди.

"Баасы арзан болгону менен абдан кооптуу болуп турат. Өрт коопсуздугу сакталган эмес, кокус жарылуу болсо, ким жооп берет? Айрыкча калктуу конуштарда ачык-айрым эле соода кылып жатышат. Биринчиден, элдин коопсуздугун, экинчиден, экологияга терс таасир тийгизип, жергиликтүүлөрдүн саламаттыгына терс таасир берип жатат. Бул аткезчилик менен иш кылгандар салык төлөшпөйт. Мындай башаламандыкты ким токтотот?" - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KUBAT.466885
2018-10-08 20:42:48
Биринчи көрүп жаткансып
0
Tunerbei1812
2018-10-08 21:53:17
Арзан дегени канча сомдон экен 92.
0
Missing-u
2018-10-08 23:28:37
Tunerbei1812,дт 35 болуп жатат Жалал абадта контрабанда м н саткандар
0
Megapoliz
2018-10-09 08:04:05
Ушундай эле ачыктан ачык сатылып куч органдарынын козу кор бекен бул без полезно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан