Владимир Жириновский сахнага чыгып баратып жыгылып кетти

Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери, мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновский сахнага чыгып баратып жыгылып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып, видеосун жарыялашты.

Маалыматка ылайык, депутат Владимирск облусунун жаңы губернатору Владимир Сипягиндин инаугурациясы учурунда сахнага чыгып бара жатып жыгылган. Маалымат каражаттарында жарыяланган видеодо Жириновский тепкичке чалынып кеткенин көрүүгө болот.

"Владимир Жириновскийдин абалы жакшы. Ал эч кандай жаракат алган эмес" деп билдирген депутаттын жардамчысы Ольга Петрова.

Жириновскийдин партиялашы Сипягин Владимир облусунун губернаторлугуна шайлоонун экинчи турун жеңип чыккан. Ал добуштардын 57,03 пайызын алган.

Жириновский сахнага чыгып баратып жыгылып түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Missing-u
2018-10-09 13:08:19
Америка жыгытты дебесе эле эми)))))
+3
s81
2018-10-09 13:13:08
Же Бакиев жыгытты дебесе
0
Pandora
2018-10-09 13:15:02
Бакиевтин кандай тиешеси бар?
0
bond02
2018-10-09 13:17:34
Бул киши тилден эле чалына берет окшойт десе, буттан да чалынып калган турбайбы. Карылык.
+5
Umakg
2018-10-09 15:06:36
Баарында эле болотго кеде белгилуу адам учун козго корунгон....
0
rysik79
2018-10-09 15:23:54
Картайыптыр байкуш ызычуубек жиришовский
+1
Azi81
2018-10-09 19:41:39
Бизге жыгылды,бир сузду,ажырашты,камашты зордуктады деп эле койсо,жыгылса жыгылыптырда жириновскийдин жанына бара аласынарбы өзу өттө кучтуу киши,кыргыз болуп калганда көрөт элекко бийликтегилерди сабаганын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан