Бишкек ШИИББи борбордогу өлүкканага жеткирилген жансыз дененин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Мындай маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Октябрь РИИБинин кызматкерлерине борбордогу өлүкканага азиат түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси алынып келгени тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматта каза болгон жарандын жашы болжол менен 30-35 чамасында, анын денесинде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгилер бар экендиги айтылган.
"Каза болгон адам үстүнө күрөң түстөгү футболка, көк түстөгү спорттук шым жана бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Сүрөттөгү адамды тааныгандар болсо милицияга кабарлап коюусун өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Байланыш үчүн номерлер: 0 550 102 853, 0 (312) 544 116